www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоламан Шаршенбеков Монголияда алтын медаль жеңди

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Open Ulaanbaatar мелдешинде алтын медаль тагынды.

Эки жылдык тыныгуудан кийин килемге кайтып келген Шаршенбеков турнирде бир катар атаандаштарын жеңип, финалда ирандык балбан менен кайрадан беттешмек. Бирок атаандашы жаракатынан улам күрөшкө чыкпай, жеңиш кыргыз спортчусуна ыйгарылды.

Белгилей кетсек, бул Жоламандын белинен алган жаракатынан кийин катышкан алгачкы эл аралык мелдеши болду. Учурдагы турнирде кыргызстандык балбандар буга чейин дагы бир күмүш жана беш коло медаль утуп, ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүүдө.

Последние новости