www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«75чилердин иши» боюнча соттук процессти коом кызыгуу менен карап жатат. Айыпталуучулардын арасында мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бар. Иш жабык режимде каралууда. Бирок көпчүлүктүн көңүлүн бурган дагы бир жагдай бар. Оор айыптар коюлган мурдагы жогорку кызмат адамдары сотко эркин келип-кетип, кымбат баалуу автоунаалар менен жүргөнү коомчулукта суроолорду жаратууда.
Коомдо «жөнөкөй жарандар же социалдык тармактардагы бир билдирүүсү үчүн эле жоопко тартылгандар болгон, ал эми бийликтин эң жогорку тепкичтеринде турган адамдарга келгенде мыйзам буйлаланган төөгө айланып, шал болуп калууда.
Албетте, ар бир адам соттун мыйзамдуу чечимине чейин күнөөсүз деп эсептелет. Бирок мыйзам алдында баары бирдей деген принцип көрүнбөй калганда, адамдардын адилеттүүлүккө болгон ишеними солгундайт. Коомду эң көп тынчсыздандырган нерсе – кимдин соттолору эмес, мыйзамдын баарына бирдей колдонулбай жатканы.
Эгер мамлекет чындап укуктук мамлекет болсо, анда жөнөкөй жаранга да, мурдагы чоң кызмат адамына да бирдей мамиле болушу керек. Болбосо «айрымдар үчүн мыйзам бар, айрымдар үчүн жок» деген түшүнүк күчөп, бул коомдук нааразылыкты гана арттырат.
Өзгөчө Камчыбек Ташиевдин ишине кызыгуу чоң. Анткени ал өлкөдөгү эң күчтүү күч түзүмүн көп жыл жетектеп келген. Ушундан улам коомдо «мурда өзү көзөмөлдөгөн системанын өкүлдөрү бүгүн ага карата толук көз карандысыз чечим чыгара алабы?» деген суроо жаралууда. Бул суроонун өзү эле сот системасына болгон ишенимдин деңгээлин көрсөтүп турат.
Курманкул Зулушев дагы жөнөкөй фигура эмес. Ал мамлекеттин башкы прокурору болуп турган кезде мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн негизги адамдардын бири болгон. Ошондуктан бүгүн анын өзү сот алдында турганы коом үчүн символдук мааниге ээ. Эгер мыйзам чындап баарына бирдей болсо, анда мурдагы кызмат орду эч кандай артыкчылык бербеши керек.
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу дагы мамлекеттеги негизи көзүрлөрдүн бири эле. Азыр дагы ошол сөөлөтүн коё бербей, тоготпой жатканы сотко келгенде байкалып жатат.
Жарандарды тынчсыздандырган негизги маселе – ким акталат же ким соттолот деген суроо эмес. Негизги маселе – мамлекет мыйзам алдында баары бирдей экенин далилдей алабы же жокпу? Эгер жөнөкөй жаран менен мурдагы эң таасирдүү чиновникке карата ар башка стандарт колдонулуп жаткандай таасир калса, анда соттун кандай өкүм чыгарарына карабастан, коомдун адилеттүүлүккө болгон ишеними дагы алсырайт. Дегенибиз менен Зулушевдин сот жабык эмес ачык өтүшү керек деген сөзү көптөрдү ойлонтпой койгон жок.
Бүгүн коом өкүмдөн да көбүрөөк бир нерсени күтүп жатат. Тактап айтканда, мыйзамдын күчү – кызматтан, таасирден жана байланыштардан жогору турарын көргүсү келет.