www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда мыйзам талаптарын бузуу менен курулуп жаткан кыш заводунун курулушу токтотулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан Акман айыл аймагындагы объект текшерүүгө алынган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кыш заводунун курулушу тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтерсиз жана мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөстөн жүргүзүлүп жатканы аныкталган.
Адистердин маалыматына ылайык, өндүрүштүк объектилерди экологиялык, техникалык жана коопсуздук талаптарын сактабастан куруу мыйзам бузуу болуп саналат жана айлана-чөйрөгө, ошондой эле жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Белгиленгендей, буга чейин курулуш иштерин токтотуу боюнча бир нече жолу эскертүүлөр берилгенине карабастан, иштер улантылган.
Мыйзам бузууларга байланыштуу “Мадина Компани” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, курулуш иштерин толугу менен токтотуу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
Компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, тиешелүү протокол түзүлдү.
Учурда аталган кыш заводунун курулуш иштери толугу менен токтотулду.