www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун, 26-мартта Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Сафин Гаффан жерге берилди. Ардагер 25-мартта 99 жашында дүйнө салган.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Ош шаарындагы Россиянын Башкы консулдугунун консулу Константин Бахтин, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Алар ардагердин эрдигине токтолуп, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышты.

Кошумчалай кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан Башкыр АССРинде туулган. Советтик Армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат өтөгөн. Ал Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген.

Ардагер Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы, "Германияны жеңүү" жана башка медалдар менен сыйланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости