www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы Мексика булуңундагы Deepwater Horizon мунай платформасында болгон жарылуудан кийин деңиз жаныбарларынын саны болжол менен 60 пайызга кыскарган. Бул тууралуу PNAS илимий журналында жарыяланган жаңы изилдөөдө айтылат.

Изилдөөгө ылайык, балыктардын саны 63,5 пайызга, рак сымалдуулардын саны 62 пайызга, ал эми кальмар жана осьминог сыяктуу деңиз жаныбарларынын саны 59,7 пайызга азайган.

Окумуштуулар мунайдын төгүлүшү жана аны тазалоодо колдонулган химиялык заттар деңиз экосистемасына олуттуу зыян келтиргенин белгилешет. Кырсыктан кийин деңиз жаныбарларынын популяциясы толук калыбына келе элек.

Изилдөөчүлөр келечекте мындай кырсыктар болгондо мунайды жок кылуунун экологияга зыяны азыраак ыкмаларын колдонуу зарылдыгын белгилешти.

Последние новости