www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Министрлер Кабинетинин жыйынында «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасын түзүү чечими кабыл алынды.
2026-жылдын 21-октябрында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өткөн кезектеги жыйында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүү маселеси каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча токтомдун долбоору талкууланды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, министр Эрлист Акунбеков сунушталган документ боюнча баяндама жасап, жаңы ишкана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүүгө, ошондой эле бул багыттагы ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө багытталарын билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү мамлекеттик ишкананы түзүү чечимин кабыл алышты. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи. Ал алдыдагы беш жылга ар бир айыл боюнча так план түзүүнү, таза суу долбоорлоруна бөлүнгөн каражаттын натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоону тапшырды.
Ошондой эле курулуш иштеринин сапатын жана белгиленген мөөнөттөрүн сактоо, мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.