www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык ишкер Павел Тёго карата козголгон кылмыш иши токтотулганын УКМК кабарлады.

Эскерте кетсек, Тёнун жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин иштерин каржылап жүргөнү аныкталып, издөөгө алынган. Тёго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалган болчу.

"2024-жылдын 19-мартында Павел Тё Кыргыз Республикасынын аймагына келген. Анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары тарабынан бир катар тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Натыйжада уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси жоктугу аныкталган. Ишкерге карата мурда коюлган айыптар алынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости