www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда мигранттар үчүн немис тилинен өтүүчү DTZ экзаменинин талаптары 2026-жылдын 1-ноябрынан тарта күчөтүлөт. Бул тууралуу DW басылмасы жазды.

Жаңы тартипке ылайык, экзамендин кайсы бир бөлүгүн талаптагыдай аткарбаган талапкер тесттен өтпөй калышы мүмкүн. Экзамен угуп түшүнүү, окуу, жазуу жана оозеки сүйлөө бөлүктөрүнөн турат.

Германиянын Ички иштер министрлиги бул өзгөртүүнү экзамендеги алдамчылык учурларын азайтуу жана мигранттардын немис тилин билүү деңгээлин чыныгы баалоо зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Германияда DTZ экзаменин 318 550 адам тапшырган. Алардын 55 пайызы B1, 32 пайызы A2 деңгээлин тастыктаган.

Последние новости