www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарында 1,7 миң метр СИП зымдары орнотулат

Каракол электр тармактары 2024-жылы электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында жалпы узундугу 1 700 метр келген өзүн-өзу көтөрүүчү изоляцияланган СИП зымдарды орнотот. Бул туураулу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле 10 кВ 3 комплекттүү трансформатордук көмөкчордондор орнотулуп, 6 трансформатор кубаттуулугу жогору трансформаторго алмаштырылат. Мындан тышкары, 80 чакырым электр чубалгысын жана 42 трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү каралган.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн 100 чаыкрым узундуктагы электр чубалгыларынын боюндагы бутактарды кыюу пландалууда.

Жогорудагы иштердин бардыгы берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатууга жана күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга мүмкүндүк берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости