www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 22-апрель күнү Өзгөн РИИБге 1983-жылы туулган С.Б., жана 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар денелеринен учтуу нерседен жараат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, төмөндөгүлөрдү аныктаган. 2026-жылдын 22-апрель күнү Өзгөн райондук сотунун имаратынын короосунда соттук отурумга катышууга келген тарапташтардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен.
Натыйжада 1983-жылы туулган С.Б., жана 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар денесинен учтуу нерседен жараат алып, ооруканага кайрылган.
Учурда бул окуяга катышкан жарандар жана бул фактыга тиешеси бар делген 1989-жылы туулган А.С. тергөө кызматына жеткирилди.
Жабырлануучуларга тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.