www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы айрым маалымат каражаттары Иран менен байланышкан аскердик аракеттердин фонунда жүргүзүлгөн шектүү финансылык операцияларды иликтөөгө чакырууда. Айрыкча New York Post басылмасы бул маселеге көңүл буруп, коомдук ишенимге шек келтирген жагдайлар бар экенин белгиледи.

Маалыматка ылайык, “Эпикалык каар” деп аталган аскердик операция маалында айрым каржылык транзакциялар маанилүү расмий билдирүүлөрдөн мурда жасалган. Бул болсо инсайдердик маалымат колдонулган болушу мүмкүн деген күмөндү күчөтөт.

The New York Times басылмасынын изилдөөсүнө караганда, 150дөн ашуун эсеп АКШ Иранга “эртеси күнү сокку урат” деген божомол менен алдын ала жасалганы айтылат. 

Мындан тышкары, 23-март күнү Дональд Трамп Ирандын энергетикалык объектилерине сокку урулбайт деп жарыялардан болжол менен 15 мүнөт мурда мунай фьючерстери боюнча 600 миллион долларлык операциялар жүргүзүлгөнү кабарланууда.

Ошондой эле январь айында жаңы ачылган эсеп аркылуу Николас Мадура кармалат деген “ставка” коюлуп, натыйжада жүз миңдеген доллар киреше табылганы айтылат.

Басылма согуштан пайда табуу мүмкүнчүлүгү бар деген күмөндүн өзү эле коомдук ишенимге доо кетирерин белгилеп, АКШ президенти SEC жана CFTC сыяктуу мекемелерге бул операцияларды иликтөөнү тапшырышы керек деп эсептейт.

Последние новости