www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев бүгүн жергиликтүү соттордун төрагалары менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Кеңешменин ишине Жогорку соттун судьясы, сот тутумун санариптик өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Инара Гилязетдинова, жумушчу топтун мүчөлөрү,  жергиликтүү соттордун судьялары: Азамат Узакбаев, Нурайым Кенжетаева, Бекмухаммет Мусурманкулов, ошондой эле Жогорку соттун Аппарат Жетекчисинин орун басары Аман Джумалиев катышты.

Кыргыз Республикасынын сот тутумун санариптештирүү алкагында процесске катышуучуларды автоматташтырылган түрдө кабарлоо функциясы ишке киргизилгендиги маалымдалды. Эми иш боюнча тараптар соттук отурумдар жөнүндө расмий билдирүүлөрдү «Сот» АМС тутуму аркылуу өздөрүнүн мобилдик телефондоруна жана электрондук почталарына түз ала алышат.

«Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын сот тутумун санариптештирүү сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууда, иштерди кароо мөөнөттөрүн кыскартууда, процессуалдык чыгымдарды азайтууда, ошондой эле соттордун жана алардын аппараттарынын ишин оптималдаштырууда конкреттүү жана ченемдүү натыйжаларга жетүүнү камсыз кылууда. Аталган милдеттерди ишке ашыруунун практикалык куралдарынын бири  сот процессинин катышуучуларын электрондук түрдө кабарлоону киргизүү болуп саналат.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тараптарга соттук отурумдардын күнү, убактысы жана орду жөнүндө электрондук билдирүү жөнөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө. Бул механизм процесстин катышуучуларын тийиштүү түрдө жана өз убагында кабарлоону, алардын соттук отурумдарга иш жүзүндө катышуусун камсыз кылууга, ошондой эле сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Электрондук билдирүү, эгерде процесстин катышуучулары уюлдук телефон номерин көрсөткөн учурда, соттун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун тийиштүү модулдарынын иштеши аркылуу автоматташтырылган режимде жүзөгө ашырылат. Мындай мамиле почта билдирүүлөрүн кол менен тариздөө жана жөнөтүү сыяктуу көп эмгекти талап кылган процедуралардан баш тартууга мүмкүндүк берет, бул кабарлоо процессин бир топ тездетет жана сот аппаратынын кызматкерлерине болгон жүктөмдү азайтат.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул куралды киргизүү сот тутумун санариптик трансформациялоо, автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды өнүктүрүү жана заманбап санариптик тутумдарды киргизүү боюнча иш-чараларды ырааттуу ишке ашыруунун натыйжасында мүмкүн болду», — деди Нурлан Мусаев.
Инара Гилязетдинова катышуучулардын көңүлүн пилоттук долбоордун артыкчылыктарына бурду. 

Биринчиден, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу камсыз кылынат. Анткени, бир почта билдирүүсүнүн баасы болжол менен 127 сомду түзсө, бир электрондук билдирүүнүн баасы болжол менен 5 сомду түзөт.

Экинчиден, билдирүүлөрдү жеткирүүнүн жогорку ыкчамдыгына жетишилет жана  билдирүү процесстин катышуучусуна заматта келип түшөт.

Кошумчалай кетсек, соттук отурумдун алдында автоматтык түрдө эскертүү жөнөтүү функциясы ишке ашырылган, бул тараптардын келбей калуу учурларын азайтууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле, сотко чакыруу тууралуу бардык маалымат кадимки СМС же электрондук почтадагы кат аркылуу жеткиликтүү экендиги, жарандардын кагаз жүзүндөгү чакыруу кагаздарын алуу үчүн почта бөлүмүнө баруусунун кажети жоктугу айтылды. Тутумда билдирүүнүн жөнөтүлгөн так убактысы жана жеткирилген статусу катталат, бул процесстин катышуучуларынын укуктарынын корголушуна кепилдик берет.

Белгилей кетсек, электрондук билдирүүлөрдү киргизүү салттуу байланыш ыкмаларын жокко чыгарбайт, бирок жарандардын сот тутуму менен болгон өз ара байланышын заманбап, тез жана ишенимдүү кылат.
 

Последние новости