www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын Донбассты «бардык өлкөлөр» таанысын деген идеясына каршы чыкты. Ал бул сценарийдин ишке ашпай турганын жана Украинанын президенти гана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн чечерин белгиледи.

Зеленскийдин сөзү 4-5-февралда Абу-Дабиде өткөн Россия, Украина жана АКШнын үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн фонунда айтылды. Россиялык ТАСС агенттиги сүйлөшүүлөрдө Москва үчүн Донбассты “бардык өлкөлөр” таанышы маанилүү экенин кабарлаган.

Украина президенти Донбассты жана Запорожье атомдук электр станциясын (ЗАЭС) контролдоо маселесинде компромисске барбай турганын, бул аймактарды согушсуз бербей бербей турганын билдирди. Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ЗАЭС азыр Россиянын көзөмөлүндө экенин, Донбасста фронттук кырдаал баарын көрсөтүп турганын айтты.

Россия 2022-жылдын күзүндө Донбассты, Запорожье жана Херсон облустарын кошуп алган. Президент Владимир Путин буга чейин бул аймактарды Россиянын көзөмөлүнө алуу үчүн Украина аскерлери алардан чыгып кетиши керек деп билдирген.

Последние новости