www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында кеңешме өттү. Ушуга эле катар шайлоо мыйзамдарын сактоо жана бузууларга каршы аракеттенүү маселелерине арналган окутуучу иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, талапкерлер катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө 2026-жылдын 1-мартына дайындалган кайра шайлоолорду өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарыл экени баса белгиленди.

Негизги кеңешмеден кийин ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери талапкерлерге, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө окутуучу иш-чара өткөрүштү. Анын алкагында катышуучуларга кайра шайлоо өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү, шайлоо талаштарын кароо механизмдери, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары түшүндүрүлдү.

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө аймактык шайлоо комиссиясынын 15 мүчөсү, 94 участкалык шайлоо комиссиясынын 965 мүчөсү тартылган.

Окутуу суроо-жооп форматында өттү жана мыйзамдуу, ачык-айкын жана ачык шайлоо процессин камсыздоого багытталган.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 30-ноябрында №13 округу боюнча өткөн шайлоонун жыйынтыгы добуш берүүнүн жашырындуулугу бузулгандыгына байланыштуу жараксыз деп табылган.

 

Последние новости