www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев өзүнүн жалпы редакциясы алдында даярдалган «Евразиялык экономикалык жол: Кыргызстандын 10 жылы» аттуу илимий монографияны тааныштырды.

Министр өз сөзүндө монография Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинде катышуусунун он жылдыгына арналганын белгилеп, бул эмгек Кыргызстандын катышуусу менен евразиялык интеграциянын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн негизги этаптарына арналган фундаменталдуу илимий-аналитикалык изилдөө экенин баса көрсөттү.

Монографияда өлкөнүн ЕАЭБге мүчө болушунун социалдык-экономикалык жыйынтыктары ар тараптуу талданып, институционалдык өзгөрүүлөр, тышкы экономикалык байланыштардын динамикасы, интеграциянын тармактык таасирлери, ошондой эле Биримдиктин жалпы экономикалык мейкиндигин калыптандырууда жана өнүктүрүүдө Кыргызстандын ролу чагылдырылган. Мындан тышкары, интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүнүн чакырыктарына жана келечегине өзгөчө көңүл бурулган.

Арзыбек Кожошев бул илимий монография мамлекеттик башкаруу органдары, эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграция маселелери менен алектенген адистер үчүн аналитикалык жана методологиялык база катары кызмат кыла аларын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында ЕЭК министри бир катар кызматкерлерди «Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн» төш белгиси менен сыйлап, алардын жогорку кесипкөйлүгүн, ак ниет эмгегин жана интеграциялык процесстерди өнүктүрүүдөгү олуттуу салымын белгиледи.

Последние новости