www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын жарандары АКШнын айыл чарба тармагында 10 айга чейин иштөө мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул тууралуу Ташкентте өткөн эл аралык миграциялык форум учурунда америкалык USA Farm Labor компаниясынын башкы директору Мануэл Фик билдирди.

Анын айтымында, компания өзбек өкмөтү менен бирге өзбекстандыктарды АКШдагы айыл чарба иштерине тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү аракетин көрүүдө.

“Кызматташтык америкалык иш берүүчүлөргө жумушчу күчтүн тартыштыгын чечүүгө, ал эми өзбек жарандарына чет жактан акча табууга жана жашоо-шартын жакшыртууга жардам бермекчи”, - деп айтты Фик.

Ал белгилегендей, АКШда жумушчулардын коопсуздугун камсыздоо, эксплуатация жана адам аткезчилигин алдын алуу, эмгек укуктарын коргоо үчүн күчтүү система калыптанган.

Фик америкалык иш берүүчүлөр англис тилинде сүйлөгөн жаш, квалификациясы бар өзбекстандыктарга кызыгарын кошумчалады.

Последние новости