www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейде окуучуга карата мугалим тарабынан орой мамиле жана физикалык күч колдонуу фактысы боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган лицейдин өндүрүштүк окутуунун устаты А.А. окуучуларга карата педагогикалык этикага туура келбеген мамиле жасап, күч колдонгон деген маалыматтардын негизинде атайын комиссия түзүлдү. Комиссия окуяны ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү жүргүзөт.

Иликтөөнүн жыйынтыгында окуяга юридикалык жана педагогикалык баа берилип, тиешелүү тартиптик чаралар көрүлөрү белгиленди.

Мындан тышкары, билим берүү мекемесинде окуучулардын укуктарын коргоону күчөтүү, билим берүү процессинде зомбулукка жол бербөө жана педагогикалык этиканын нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы айтылды.

Последние новости