www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында кадрдык өзгөрүү болду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кангельдиева Замира Абдыкалиевна Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары Талант Назарбеков жаңы дайындалган жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Замира Кангельдиева буга чейин Курулуш министрлигине караштуу департаменттердин биринде жетекчилик кызматты аркалап келген. Ал эми аталган кызматта буга чейин Кожобеков Кубанычбек Маликович иштеп, өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.