www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштурууну сунуштаган, бирок тиешелүү уруксат документтери жок иш алып барган беш Instagram аккаунту аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, мониторингдин жүрүшүндө төмөнкү аккаунттар аныкталган:

  • lavorokg;
  • nurpaiz_job;
  • siu_visa;
  • visa_hub.kg;
  • spekup.kg.

Учурда аталган аккаунттарга байланыштуу материалдар укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Борбор жарандарды чет өлкөгө жумушка орношуудан мурда ортомчу агенттиктердин тиешелүү уруксат документтерин текшерүүгө чакырды. Мыйзамдуу иштеген агенттиктер тууралуу маалыматты migrant.kg сайтынан алууга болот.

Ошондой эле мекеме уруксатсыз иштеген агенттиктер жарандарды алдамчылыкка дуушар кылып, алардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти.

Алдамчылыкка кабылган жарандар 1899 номери аркылуу кабарлап же [email protected] электрондук дарегине маалымат жөнөтө алышат.

Последние новости