www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана студенттик жатаканаларды куруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Илим жана жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова Кыргыз Республикасындагы студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын көрсөттү. Аймактар аралык мобилдүүлүк программасынын алкагында каралган квоталардын жалпы саны 8000 орунду түзөт. Программага ылайык, өлкөнүн 5 облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында 7000ден ашык орунга ылайыкталган 9 жатакана куруу пландаштырылууда.
Кеңешменин жүрүшүндө аталган программаны ишке ашыруу, каржылоо жана студенттер үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү маселелери талкууланды. Белгиленгендей, Илим жана жогорку билим берүү министрлиги Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте студенттик жатаканаларды куруу боюнча даярдык иштерин жүргүзүп, жер тилкелери аныкталып, инженердик-изилдөө иштери аткарылып, долбоор алдындагы жана архитектуралык чечимдер иштелип чыкты.
Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кеңейтилген автономия берүү жана билим берүүгө кредиттерди киргизүү маселелери каралды. Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.