www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында издөөдө жүргөн бир нече шектүү жарандар кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, шектүүлөр жүк ташуу жана товар жеткирүү кызматтарын сунуштап, жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алдамчылык аракеттерди жасап келишкен.
Атап айтканда, 2025-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы ЖЧКдын бири Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы металл базадан жалпы салмагы 44 тонна арматура сатып алган. Жүктү Бишкек шаарына жеткирүү максатында аталган ишкананын кызматкери “WhatsApp” тиркемесиндеги жүк ташуучу топторго жарнама жайгаштырган.
Андан соң өздөрүн жүк ташуучу унаанын айдоочулары катары тааныштырган белгисиз жарандар компания өкүлү менен байланышып, арматураны жүктөп алып чыгып кетишкен. Бирок жүк Бишкек шаарына жеткирилбей, Ош шаарына алып барып, башка жаранга арзан баада сатылып жиберилген. Натыйжада компанияга 1 миллион 800 миң сом материалдык зыян келтирилген.
Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө ушул сыяктуу дагы бир нече фактылар аныкталган. Алардын бири боюнча 2022-жылы Бишкек шаарынан Ош облусуна курулуш материалдарын жеткирүү шылтоосу менен ири көлөмдөгү курулуш опалубкалары жүктөлүп кетип, кийин базарга сатылып жиберилгени белгилүү болгон. Бул фактыдан жабырлануучуга 1 миллион 669 миң сомдон ашык зыян келтирилген.
Ошондой эле, 2025-жылы шектүүлөрдүн бири жаранга 45 тонна арпа жеткирип берем деп ишенимине кирип, алдын ала 180 миң сом акча алып, товарды жеткирбестен из жашырып кеткендиги аныкталган.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган Т.уулу К., 1985-жылы туулган Б.Ш., 2003-жылы туулган А.Д. аттуу жарандардын жүргөн жерлери аныкталып, кармалган.
Жалпы Кыргыз Республикасынын аймагында жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу жалпы 18 арыз-даттануу катталган. Бул фактылар боюнча келтирилген жалпы материалдык зыян 24 419 280 сомду түзгөн. Мындан тышкары, 2 жүк ташуучу автоунааны алдоо жолу менен алышып, мыйзамсыз сатып жиберишкендиги дагы аныкталган.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.