www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында катталган жол кырсыгында каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктан Volkswagen Passat унаасынын 46 жаштагы айдоочусу, анын 42 жаштагы аялы, 12 жаштагы уулу каза болгон. Ал эми алардын 6 жаштагы кызы, 14 жана 16 жаштагы уулдары жаракат алып, ооруканада жатышат. Бул үй-бүлө мүчөлөрү Балыкчы шаарынын тургундары болушкан.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдүн Тоң районунда 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында Volkswagen Passat унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости