www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырган. Ал Финполициянын бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдагы аткаминер “коррупция жана фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп козголгон кылмыш иши боюнча  көрсөтмө берет.

Анын айтымында, ал кечээ, 9-июлда чакырылган.

"Мага кечээ суракка баруу жөнүндө чакыруу келген.  Бүгүн (10-июлда) мен саат 14.00дө барам. Алар мага кандай суроолорду берээрин билбейм. Мен азыр эле сурак айрым фармацевтикалык компаниялардын коррупциялык иштеринин алкагында боло турганын окудум. Мунун мага эч кандай тиешеси жок, бирок тергөөнүн мага бере турган суроолору бар көрүнөт", - деди ал.

Мындан тышкары, Өмүрбекова күбө катары чакырылгандыктан сурактын алдында эч кандай коркуу сезимин сезбей жатканын кошумчалаган.

"Коркуу сезими жок, анткени мен күбө катары чакырылганмын. Бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын", - деди экс-премьер-министр. 

Эске сала кетсек, айрым ЖМКлардын айтымында, Космосбек Чолпонбаев медициналык багыттагы буюмдарды чет өлкөлөргө саткан деп шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости