www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соцтармактарга жарыяланган видеотасмалардан мажбурлап карантинге алынган адамдар кулпу менен бекитилген темир дарбазаны ачууга аракет кылып жатышканын көрүүгө болот. Айрымдары контейнерлердин үстүнө чыгып, эркиндикке кое берүүнү талап кылып кыйкырышкан.

«Кечээ көпчүлүгүнүн карантиндик мөөнөтү аяктаган. Алар үйлөрүнө кетүүгө камданып, кийим-кечелерин салып алышкан. Болгону 270 кишини кое берип, калганын чыгарышкан жок. Дарыгерлер анализдердин жыйынтыктары келе электигин айтышты. Азыр бул карантиндик жайда миңге жакын киши бар, көбүнүн келгенине 30-33 күн болду. Балдары менен жашап жаткандары да бар», — деди карантиндеги жарандардын бири.

Анын айтымында, 9-июлда карантиндик жайдагы 23-блокто эле 35 кишиден коронавирус аныкталып, Ташкенттеги Вирусология институтуна жеткирилген.

– Демек биз бул жерде дагы 14 күнгө калышыбыз мүмкүн. Карантиндик жайда башаламандык болууда, анализдер качан жана каяктан келерин эч ким билбейт», — деди ал.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Улугбек Сабиров бул окуя боюнча Kun.uz сайтына комментарий берди.

«Бир бөлмөдө төрттөн жатышат. Алардын бирөөнөн вирус табылса, берки үчөөнүн карантиндик мөөнөтүн узартууга туура келет. Бирок көпчүлүгүнүн чыдамы жетпей калууда. Алар карантинде башкалардан көбүрөөк калып калганын айтып, козголоң чыгарып жатышат», — деди Сабиров.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 11 723 кишиге жетип, 52 бейтап каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости