www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Мирбек Сагынбаевге Саламаттыкты сактоо министрлигине такталбаган маалымат бергендиги үчүн эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда облустук штабдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, М.Сагынбаев пневмония жана коронавирустан каза болгондордун саны боюнча маалыматты көзөмөлдөгөн эмес.
«Маалыматка караганда, 17-июнда пневмониядан Жети-Өгүз районунун 1953-жылы туулган тургуну каза болгон», - деп билдирди штабдагылар.
17-июлда 17 адам каза болгону тууралуу маалымат айтылган. Бул чындыкка дал келбейт.
Булак: NazarNews.kg