www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Так ушул таптарда жакынкы аралыкта “бийликти кайрадан тактан кулатуу операциясы” тымызын башталды. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди.

Маалыматтарга таянсак, учурда Өмүрбек Бабанов Россия тарап менен тыгыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылууда. Бирок Бабановдун бул кадамынан терс жыйынтык толугу менен чыгып калышы мүмкүн.

Баса, азыр оппозициянын катарын Туйгуналы Абдраимов менен Максат Сабиров дагы толуктайт. Маалыматтарга таянсак бири көлдү, бири Чүйдү алабыз деп, шаймай-шай олтурганын уктук.

Айтмакчы, жогорудагы "имиштер" тууралуу бүгүн, КР президенти Сооронбай Жээнбеков кабардар экенин жергиликтүү мамлекеттик каналдардын биринде төмөнкүчө айтты.

--Мен түшүнүп турам, окуп, угуп жатам. Бардыгын билем. Азыр эл абдан ачуулуу. Көптөр өз жакындарын жоготту. Бул абдан оор нерсе. Муну айрым саясатчылар элдин пайдасына эмес, өз кызыкчылыгына пайдалангысы келгендер дагы жок эмес, биз ошого жол бербешибиз керек. Мыйзамдуу жол менен бийликке келгиле, шайлоого катышкыла, эгерде шайлоодон утсаңар, келип алып Өкмөттү курагыла деп айтып жатам, - деди президент.

Эске сала кетсек, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери президенттерин батырбаган өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат. Тилекке каршы өлкө башчыларын кууп чыкканы менен эч бир майнап чыгып, мамлекетте экономикалык өзгөрүү боло элек. Ал эми үчүнчү баш-аламандыктын болушу мамлекеттүүлүктү түп-тамыры менен жоготуп алууга толук мүмкүнчүлүк түзүлүшү мүмкүн. Азырынча кыргызстандыктар саясат менен эмес, коронавирус илдети менен алышып, жанындагылар чүчкүрүп койсо, “ак чүч” дегенден коркуп олтурган мезгили.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости