www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлүп, жалпы 767 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча милдеттенмелер берилди.
Иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана Бишкек экологиялык прокуратурасы тарабынан өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, Экономика министрлигинин тиешелүү макулдугу алынгандан кийин башка эс алуу жайларында да пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлөрү маалымдалды.