www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз түштү

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 616 арыз кабыл алынды.

Бул тууралуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь айынан 1-июлуна чейин 2 022 шаар куруу корутундусу даярдалып, комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн. Учурда комиссияга жалпы 13 698 даяр корутунду өткөрүлүп берилди.

Жалпы арыздардын ичинен 2 123 арыз боюнча баш тартуу чечими кабыл алынган. Себеби айрым жер тилкелери санитардык-коргоо зоналарында, сейил бактардын аймактарында, электр линияларынын алдында же тазалоочу курулмалар жайгашкан жерлерде болгон.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 3-июлунда жер мунапысынын мөөнөттөрүн узартуу боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жер тилкелерин каттоонун айрым этаптарын бүтүрүү мөөнөтү 2026-жылдын 15-декабрына чейин узартылды.

Последние новости