www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен 2018-жылы туулган бала каза болду.
Маалыматка ылайык, кырсык 3-август күнү түштөн кийин Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги «Бостон» пансионатынын жанында катталган. Анда «Фольксваген Гольф 2» жана «Шевроле Монза» үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен 2018-жылы туулган бала көз жумган. Мындан тышкары, дагы эки жүргүнчү жана унаалардын биринин айдоочусу ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.
Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.