www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран президенти Масуд Пезешкиан Нооруз майрамында жасаган кайрылуусунда:
- Биз эч качан ядролук куралга ээ болууга умтулган эмеспиз. Биз Жогорку лидердин алдына барганыбызда, ал ачык жана так түрдө ядролук курал динде тыюу салынганын билдирген. Иран Ислам Республикасында бир дагы чиновник массалык кыргын салуучу ядролук куралды иштеп чыгууну колдой албайт же аны үгүттөй албайт. Бирок АКШ президенти биз ядролук куралга ээ болууну каалап, массалык өлтүрүүлөрдү жасоого ниеттенип жаткандай таасир калтырууда. Тилекке каршы, дүйнөлүк маалымат каражаттары бул жалганды кабыл алып жатышат, - деп билдирди.
Ошондой эле ал Тегеран Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өз форматтарын түзүүнү сунуштаганын айтты.
- Биз бардык маселелерди силер менен бирге чечүүгө даярбыз. Тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Жакынкы Чыгышта ислам өлкөлөрү да катышкан коопсуздук формат түзүүнү сунуштайбыз, - деди ал.