www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-мартка карата бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 69 миң 851 адамды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинде 26 миң 219 юридикалык жак жана 43 миң 632 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле айрым жеке жактар декларация тапшырышкан.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү декларацияны акыркы мөөнөткө калтырбай, алдын ала тапшырууга чакырат.

Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:
– ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
– туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
– Судьяларды тандоо кеңешинин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү.
– мамлекеттик үлүшү бар мекеме, ишкана же уюмдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары.

1-майга чейин төмөнкүлөр декларация тапшырууга тийиш:
- жеке ишкерлер (0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык ставкалары боюнча патенттин негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасында иш жүргүзгөндөрдү, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларын кошпогондо);
- эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары;
- отчеттук мезгил үчүн киреше салыгы кармалбаган салык салынуучу киреше алган жеке жактар.

Башка жеке жактар, анын ичинде социалдык же мүлктүк жеңилдиктерди алууну каалагандар, декларацияны ыктыярдуу түрдө тапшыра алышат.

Кененирээк маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Последние новости