www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичтин расмий сапарынын алкагында Кыргызстанда аталган өлкөнүн Ардактуу консулдугу ачылды.
Ачылыш аземинде консулдук эки өлкөнүн жарандары жана бизнес-коомчулугу ортосундагы байланыштарды чыңдоочу маанилүү практикалык көпүрө болору белгиленди. Иш-чарага Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Черногориядан келген делегация жана кыргызстандык ишкерлер катышты.
Жаңы дайындалган ардактуу консул Бекназар Асанов консулдуктун негизги максаты экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү экенин билдирди.
Анын айтымында:
эки өлкөнүн ишкерлеринин байланышын кеңейтүү иштери жүргүзүлөт;
Черногориядан инвесторлор Кыргызстанга кызыгуу көрсөтүүдө;
жакын арада ири бизнес-форум өткөрүү пландалууда;
түз авиакаттамдарды ачуу маселеси каралууда.
Ошондой эле Черногория тарап кичи ГЭСтерди куруу, курулуш жана өндүрүш тармактарына инвестиция салууга кызыкдар экени айтылды.
Учурда эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтыкты кеңейтүү багытында иш алып барууда.