www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-декабрда ЖЭБде айыпталуучулардын жакындары соттон акыйкат чечим талап кылуу максатында катардагы митинггин өткөрүштү. Алар акыйкат, жана туура чечим үчүн күрөшүп жатканын билдиришти.
Кечээ, 4-декабрда ЖЭБди модернизациялоо боюнча соттук отурумда жактоочулар бул иште эң маанилүү деген күбөлөр суралбай калганын айтып судьяны сындашкан. Бирок мамлекеттик айыптоочу тарап соттук териштирүүдө прокурорлордун да жактоочулардын да күбөлөрү толук суралды деп эсептеген.
ЖЭБди модернизациялоо боюнча «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевдин айтуусунда ЖЭБди модернизациялоого сунушталган компаниялардын ичинен финансылык жана башка талаптары жагынан ТВЕА эң ылайыктуу кытайлык компаниясы болгон. Ал ЖЭБди модернизациялоодо мамлекетке 111 млн. доллар зыян келтирилген деген экспертизанын тыянагына да кошулбай турганын айткан.
Ошентсе да Башкы прокуратура жыйынтыгы Кытай насыясынан мамлекет 111 млн. доллар же кыргыз акчасы менен санаганда 5 млрд. 439 млн. сом зыян тартканын маалымдап келет. Прокуратура айыпталуучулардын күнөөсү толук далилденди деп эсептейт. Ошондой эле соттук иштин алкагында мамлекеттик айыптоонун жана жактоочулардын 90дон ашык күбөсү көрсөтмө бергенин, ишти кароодо шектүүлөрдүн адвокаттары келтирген өтүнүчтөр боюнча сот тарабынан убагында мыйзамдуу чечимдер кабыл алынып турганын жарыялаган.