www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги, Уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) каршы күрөштө, Россия менен Грузиянын тажрыйбасын колдонот. Бул тууралуу Жогорку кеңеште, Ички иштер министри ( ИИМ) Кашкар Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан баштап уюшкан топтун 136 мүчөсү кармалган.
“ИИМ де 421 адам УКТ мүчөсү иретинде тизмеде турушат. Алардын он төртөө изделүүдө турат. Уюшкан кылмышка каршы күрөштө биз Россия менен Грузиянын тажрыйбасын колдонобуз, тийиштүү кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилип турат”,- деп билдирди Кашкар Жунушалиев.
Эске салсак, ноябрь айында ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов Кыргызстанда УКТ жок деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg