www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Белгородду НАТОго мүчөлүккө алмаштырууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал 20-августта иш сапары менен келген Данияда өткөн брифингде билдирди.

Журналисттер Зеленскийден альянстык блокко (НАТОго) мүчө болуу үчүн кайсы бир аймактар берилеби деп сурашкан.

"Биз Белгородду НАТОго мүчөлүккө алмаштырууга даярбыз", - деди Зеленский.

НАТОнун баш катчысынын кеңсесинин башчысы Стиан Йенсен 15-августта Украина аймактарды Орусияга өткөрүп берүү менен альянска кошула аларын билдирген. Анын айтымында, азыр жаңжалдан кийин боло турган макам боюнча талкуу жүрүп жатат жана аймактарды өткөрүп берүү маселеси буга чейин да көтөрүлгөн. Кийинчерээк ал сөздөрүн кайра алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости