www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев тууралуу улам-улам китеп жаза берсе болот. Убагында коопсуздук кеңешинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кандай гана таттуу сөздөр менен “уктаткан” эсиңердеби? "Бизди бышырдыңыз, такшалттыңыз, сизди сыйлайбыз" - деп кеңештин катышуучуларынын көзүнө жаш алдырган.

Эми ал жакында жергиликтүү ЖМКлардын бирине интервью берип, учурдагы президент тууралуу жылуу сөздөрдү айтыптыр.

Анда ал: “Эки жыл мурун, 24-ноябрда президент ант берди. Конституциянын негизинде иштеп келе жатат. Ал башынан эле бир адам үчүн иштебейм, эл үчүн кызмат кылам деген. Ал тууралуу кандай гана жалган, ыплас сөздөрдү укпады. Бирок сабырдуулук кылып, эч кимге сөз кайтарган жок. Жаман сөз сүйлөгөн жок. Бийликке келгенде бейөкмөт уюмдар, журналисттер, мурдагы өкмөт башчылар менен жолукту. Элдин үнүн укканга аракет кылууда. Азыр президенттин демилгеси менен мугалимдердин айлыгы 30 пайызга жогорулады. Пенсия көтөрүлүп жатат. Сот укук реформасы 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке ашты. Абдан көп иш аткарылды” – деп мактап келип, кезек кемчиликтерди атоого келгенде Төрөбаев багытын дароо 180 градуска бура калып, президенттен өкмөткө секирип кеткендиги кызык болду.

-Кемчиликтер тууралуу айтсам,  негизи экономикага өкмөт жооп берет. Өкмөттө кемчилик бар - десе болобу!..  Мына ушундай артисттер жашообузду шаңга бөлөйт да. Деги зерикпейсиң да айтор.  

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости