www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Чыныбай Турсунбеков активист Мелис Аспековдун үстүнөн УКМКга арыз жазды. Депутат активист андан 11 миң доллар талап кылган дейт. Анын УКМКга жазган бул арызы социалдык тармактарда тарап жатат.

Арызда 2019-жылдын 4-июнунан 9-сентябрына чейин Аспеков Турсунбековду коркутуп, андан акча талап кылганы көрсөтүлгөн.

Эске салсак, Башкы прокуратура Бишкектеги ликер-арак заводунун мыйзамсыз банкротко кептелиши боюнча мурун жабылып калган кылмыш ишин кайрадан жандандырып, сотко чейинки өндүрүштүк иштерди жүргүзүүнү Улуттук коопсуздук кызматына тапшырган. Ага коомдук активист Мелис Аспековдун жазган арызы себеп болгон. Аспековдун ырасташынча, мурунку спикер, КСДП партиясынан парламентте депутат болуп олтурган Чыныбай Турсунбеков бир мезгилдери Бишкек ликер-арак заводу менен «АкылИнвестБанкты» рейдерлик жол менен тартып алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости