www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026–2027-окуу жылына карата республика боюнча 81 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери толук аяктап, пайдаланууга берилди.

Алардын ичинен 40 объект жаңыдан курулса, 41 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары — 9 объект;
  • Чүй облусу — 4;
  • Баткен облусу — 5;
  • Жалал-Абад облусу — 26;
  • Ысык-Көл облусу — 11;
  • Нарын облусу — 13;
  • Ош облусу — 9;
  • Талас облусу — 4.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек, Ош жана Манас шаарларында курулуп жаткан 36 жаңы мектепти пайдаланууга берүүгө даярдык иштери уланууда.

Министрлик билим берүү объектилеринин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин сапатына, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына жана окуучулар үчүн зарыл шарттардын түзүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп жатат.

 

Последние новости