www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент райондук ооруканасынын ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн санитары Дилором Абдувахабова президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлеринин абалына көңүл бурууну суранды.

– Бизди бир жолу колдонулуучу костюмдарды жууп, бир нече жолу пайдаланууга мажбурлашууда. Биз башкы дарыгерден колдонулган коргоочу костюмдарды кийбей турганыбызды, балдарыбыз бар экенин, өлгүбүз келбесин айтып, жаңы костюм сурадык. Бирок ал бизди уккан жок. Башкы дарыгер бир жолу колдонула турган коргоочу костюмдарды күнгө кургатып, андан соң хлор сээп кайра колдонууга мажбурлоодо, – деген ал.

Дилором Абдувахабова санитардык талаптар аткарылбагандыктан, бир кесиптеши «коронавирус» диагнозу менен ооруканага жатканын, дагы бир нечесинин дене табы көтөрүлүп, үйлөрүндө экенин билдирди.

Өзбекстан саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү “Оздоликке” коронавирус менен күрөшүп жаткандарды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо милдети санитардык-эпидемиологиялык агенттикке жүктөлгөнүн билдирди.

Агенттиктен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Расмий маалыматтарга караганда, пандемия башталгандан бери Санитардык-эпидемиологиялык агенттик Антикризистик фонддон 907 миллиард сум (88 млн 750 миң доллар) алган.

Бул акчанын канча бөлүгү жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жумшалганы белгисиз.

Учурда агенттикте коронавирус менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн каражатты уурдоо фактылары текшерилүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости