www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Алтындын азабы" макаласынын уландысы

Саргайган жалбырактар жер бетине көрүнө төгүлөт, ал эми мезгил бариктери такыр башка. Алардын саргайганы, күбүлүп түшкөнү көзгө көрүнбөйт, сезилбейт. Бирок, көз ирмем да тыным албай, учкул куштай зыпылдап өтө берет, өтө берет. Ошондуктан аны учкул дешет тура. Мына, кечээ эле делөөрүгөн көңүлүнүн жетегинде, али колуна көнө элек китеп бапкесин көтөрүп, сырдуу дүйнө сезилген мектеп босогосун аттагандай болгон. Ошо дүйнөнүн кызыгы менен кумарына али кана электе минтип, биротоло андан чыгып кете турган мезгил жетип келиптир. Балалыктын, анан эми башталган жаштыктын жашыл шиберин аралап, көгөргөн көлүнө чумкуп, балыктай ойноп жүрүп, ушунча мезгилдин кантип өтүп кеткенин аңдабай да калды. Анын үстүнө ал башка балдардай болуп, турмуштун анча-мынча салмагын көтөргөн жок, кыйынчылыгына кабылган жок. Бардар үй-бүлөдө төрөлүп, чоңойду. Атасы Жумаш райондук деңгээлдеги белдүү кызматкер эле, энеси соода тармагында жетекчи болуп иштечү. Андыктан бул үйдө «жок», «жетишпейт» деген сөздөр колдонулчу эмес.

Алман балдардын улуусу эле, өзүнөн кийин бир карындашы, эки иниси бар. Эмнегедир алардын аралары алыс-алыс. Карындашы беш, ал эми биринчи иниси тогуз жаш кичүү. Ал бөбөктөрүнө деле көп каралашчу эмес, анткени үйдө атайын бала багып, үй оокатын жасай турган аял бар эле. Мындай нерсе ал кезде абдан сейрек учурай турган. Ошондуктан кошуна-колоңдору буга күбүң-шыбың болуп, ар кандай кеп-келечтерди айтып жүрүшкөнүн кулагы чала калчу. Бирок, алардын канчасы туура, канчасы туура эмес экенин билчү эмес, билгиси деле келчү эмес. Анын канча зарылдыгы бар эле. Себеби үйдө энесинин жогу анча билинбей, тамак-аш бышылуу, үй оокаты жасалуу, бардыгы даяр болуп туруучу. Мектепке дайыма жакшы кийим менен барууну адат кылып алган. Чөнтөгүндө дайыма жетишерлик акча. Адатта: «Колунда наны бар бала сүйгүнчүктүү» - деп коюшат эмеспи. Башка балдарда жок нерселер анда бар. Бешинчи класска жаңы кирген маалда жаркыраган велосипед тээп барып, классташтарынын оозун бир ачырган. Ал эми сегизинчи классты бүткөн жайда атасы мотоцикл сатып берген. Бул жагынан да ал мектепте биринчиликти ээлеген. Класста, бара-бара бүт мектепте өзгөчөлөнүп, башкаларга чоң сүйлөп, үстөмдүк кылуучу болгон. Мугалимдер да ага башкача мамиле жасап, көтөрмөлөп турушарын классташтары сезишчү. Албетте, мындай учурда ич күйдүлүк, көрө албастык кылгандар да чыкпай койгон жок. Андайлар ачык каршылык кыла алышпаганы менен, тымызын жасап коюшчу. Канткен менен да ал зээндүү, ар нерсеге жөндөмү бар бала болучу. Түшүнүгү, көз карашы да башкалардан айырмаланчу. Ушундан уламбы, дайыма жакшы окучу. Канчалык бардарсынып, чоң сүйлөгөнү менен мектепте, класста ашепке кеткен, чээнден чыккан учуру болгон жок. Чийинден чыгып кеткен окуялардан четтеп өтө турган. Бул эми атасынын катуу кармаганынан болсо керек. Балким, атасы менен энесине жаман сөз тийгизгиси келбегендир.

Эмнеси болсо да он бир жыл билим алган мектеби, чогуу окуган классташтары менен коштошо турган мезгил келип жетти. Турмуш мыйзамы ушул экен да. Бары бир ушунча жыл бир класста олтуруп, бирге окуп, бирге жүргөн классташтар менен бөлүнүп кетүү оңой-олтоң эмес экен. Муну ар кимиси түшүнүп, ичтери тызылдайт. Бири-бирин кыя албай, алдыртадан кыя карашкандары канча. Бирок, эми алардын баса турган өз жолдору, тандап ала турган өз кесиптери бар, аркалай турган өз милдеттери бар. Тириликтин өзгөргүс вазипасы ушул. Мындан эч ким четтеп кете албайт. Мына ушуга кадам таштоо алдында турушат. Туш-тушка тарап кеткенче, бир күн болсо да бирге бололу деген ниетте классташтардын арасындагы түзүк пикирде, жакшы ымалада жүрүшкөн он бир кыз-улан чогулуп, бул күнү тоого келишти. Алмандын атасынын, Аселдин байкесинин машиналары менен келип, тоонун этегиндеги жолго түшүп калышты. Мындан ары көтөрүнчөктөрдү жонго асып, тоо кыялай жөө кетиш керек. Көздөгөн жерлери - «Кашка-Суу» жайлоосу. Анда Алмандын чоң атасы бар. Көп жылдан бери колхоздун малын багат. Баласы Сатыш бир нече жолу: «Ата, өмүр боюу эле мал артында жүрө бересиңби, айылга келип байыр ал. Ылайыктуу, жеңил-желпи жумуш таап берейин», - дегенине абышка көнгөн эмес. «Аныңа ырахмат, балам. Менин атам багалчагы ката элек кезинде мал артына түшкөн. Адал эмгектин акыбети кайтып, кийин эл бийлеген болуштукка чейин жеткен. Койчудан болуш чыкканы тарыхта болгон эмес. Он тогуз жашымдан тартып мал менен жүрөм. Мал менен жүрүп эле энең экөөбүз агарып-көгөрдүк. Очор-бачар болдук, силерди окутуп-чокуттук. Малдан жаманчылык көргөнүм жок, балам. Эл эмгегин жер жебейт деген туура. Минтип өкмөт, эл эмгегимди баалап орден-медалдарын берип атат. Дале күч-кайраттан тая элекмин. Айылыңа барып, кантип жатып алам. Тоо менин өз үйүм болуп калды. Алдан-күчтөн кайткыча жүрө турайын», - деп койгон.

- Ой, чоң атаңдыкына жакындадыкпы деги, - деди жонундагы арчындама таар мүшөктү ычкына көтөргөн Акмат. Ал чекесиндеги терин жеңи менен сүрттү. Мурда мындай татаал жолду басып көрө элек неменин чыдамы кете түштү окшойт.

- Эй ашкеби, тиги жолдон отуз кадам эле узадык го. Алың куруп кеткиче боло элек. Тоонун жолу деген кандай болорун эми көрөсүң.

- Али тоого чыга элекпиз, тээтиги чокуну көрдүңбү? - Алымбек колун ак кар баскан көк мелжиген чокуну көрсөттү.

- Көрдүм, - деди Акмат башын кейкейте жогору карап.

- Ошол чокуну «Ит-Тиши» дейт. Айылдан караганда кудум боз үйдөй көрүнөт. Биз бара турган жайлоо ошол чокунун боорунда.

- Аны сен кайдан билесиң? - Кыял Алымбекке карады.

- Өткөн жылы менин Алышбай байкем ошол жайытты жайлаган.

- Ой-ий, абдан бийик го, ага качан жетебиз. - Акмат өзүнчө жүрөксүй сүйлөдү. Ага узакка карап, тунжурай карады.

- Коркпо, быйыл жетсек болду да, - деди Темир тамашалай.

Бир аяк жол менен кырга чыгып, калың карагайдын этегине жетишкенче эки сааттай убакыт өттү. Балдардын айрымдары чаалыгып, жүрбөй калышты. Айрыкча кыздарга кыйын болду. Жол чынында эле  кыйла тик, татаал болучу. Тээ асман мелжиген чокуга барып жалгашкан боорду кыйгачтайт. Бирде оңго, бирде солго кетип, бийиктей берет. Төмөн караса баш айланат. Ат туягынан пайда болгон ичке жолдон кокус чыгып кетсең, кулаган таштай төмөн шуулдашың турган иш. Андыктан этияттык керек. Мындай жолдон мурда бул балдардын баары эле басып көрүшпөгөн. Карагай аралай кеткен бийик жолдо күчүркөнүп кетип баратышты. Кыйлада барып, кырдын жонуна чыгышты. Нары жагы түзөң тартып кетет экен. Бул жерде карагай жыш өсүптүр. Алды жагы түнт, сүрдүү көрүнөт. Жакын жерден булактын шылдыраганы угулду. Бул балдарга дем берип жибергенсиди. Алды жакта чоң сумканын салмагына бөкчөйүп бараткан Жума кыйкырып жиберди:

- Балдар, бул жакта суу бар экен. Суу ичип, бир аз дем алып алалы.

- Ырас болбодубу, каным катып баратты эле. - Чыпылдап тердеген Акмат сүйүнүп кетти. Ал сууга жакындай электе эле жонундагы жүктү түшүрө баштады.

- Ой, кое тур, сууга жетели. Мүшөгүңдү бул жерге таштайсыңбы, - деди Назима бери жактан.

- Кайра келип алам. - Ал жүгүнө кылчайбай алдыга умтулду.

- Ой, суу сенден качпайт, эки баспай ала кет. Ошондон ары кетебиз да. - Темир да Назимага кошулду.

- Жалакайлыгын кантесиң, түгөттүн. Асылгүлдүн келбей калганы жакшы болуптур. Болбосо мунуңду көрсө эмне болот элең? - Асел шыңк күлө, алдыртан чымчып өттү.

- Коркутпачы баланы, сүйгүсү келген кыз жалакайды эле эмес, коенду деле сүйөт. - Алман жылмая, кызга көзүн кысып койду. Акмат чынында эле Асылгүл деген кызды көптөн бери жакшы көрүп, артынан калбай жүргөн. Бирок, кыздын анда көңүлү жок эле. Бул класстагы балдар-кыздардын көпчүлүгүнө белгилүү.

- Мени салыштыра элегиң ушу коен калды эле. Анча болду чычканды унутпа. - Акмат өзүнчө туталанып, кызаңдай түштү.

- Эй, сен өмүрүңдө тамаша, азил дегендерди угуп көрдүң беле, алардан түшүгүң барбы, - деди Алман ага карап.

- Жок, түшүнүгүм кайдан болсун. Сен эмне, мени эми келесоо дегиң келип турабы. - Акмат жонундагы жүктү дүп эттире жерге таштап жиберди.

- Балээ болбодубу, ой, ал жөн эле тамашалап койду. Ошого да ушунча чычалайсыңбы? - Жаркынай тигинин алдын тороду.

- Тамашанын да чен-өлчөмү болуш керек го. Качан болсо мени колдон келет кыласыңар.

- Сени басмырлагыдай эмне, мажүрөөсүңбү? Жөнөкөй тамашаны көтөрө албаган ушундай да жан болобу? - Алман жерде жаткан мүшөктү бооруна көтөрүп, алдыга басты.

- Балдар, кыжылдашпагылачы. Болор-болбос нерсеге көңүл оорутуп кереги жок. Эртең туш-тушка тарап кетебиз. Кайра качан кезигерибизди кудай билет. Анын үстүнө ушундай керемет жерде жагымсыз сөз айтуунун өзү күнөө. Тоону таарынтып албайлы. - Зуураш безилдеп жиберди.

- Эң сонун айттың, Зуураш. Тоону таарынтып албайлы. Кандай сонун сөз. Бекер жеринен ыр

жазып жүргөн жоксуң да. Ой-ий, балдар, карагылачы, кандай тунук суу. Келгиле, ушул жерге эс алалы. - Айзат жүгүн суунун жээгине коюп, эңкейип суудан кочуштап сузуп алды. Кылк-кылк эттире жутту.

- Кандай муздак, даамын айтсаң.

- Керемет, заматта сергий түштүм. Ушундай жерде жашаган кандай жакшы. - Аспек айлана-чөйрөгө суктана карады.

- Аныңды ким кой деп атат. Бир короо кой ал да, жашай бер. Биз конокко келип туралы, - деди Асел. 

- Буга кой бактырууга болбойт. - Алман ишенимдүүлүк менен айтты.

- Апей, эмне үчүн? - Жума атайылап эле чочуп кеткендей түр көрсөтө сурады. Аны көргөн балдар бырс күлүп жиберишти. 

- Анткени Аспек чүкөгө жакын экенин билбейсиңерби? Ошондуктан тирүү койлордун бүт чүкөсүн чыгарып алат.

Балдар, кыздар дуу күлүп калышты. Жакынкы карагайдын төмөнкү бутагындагы тыйын чычкан булак эте жогору секирди. Зор карагайдын сыртка чыгып калган тарбайган тамырынын астындагы апакай коен элтеңдеп, боюн карагайга жашырды. Чоң дүмүрдүн түбүнөн казылган ийинден суурдун башы чыга калып, кайра кирип кетти.

- Эх, достор, биз кандай керемет жерде жашайбыз. - Аспек көкүрөгүн кере, тоону кучактап жибере тургансып кулачын жайды.

- Ооба, туура айтасың, Аспек. Ата-бабаларыбыз ушундай жерди бекер жеринен тандап алышкан эмес да. - Зуураш да туш-тарабына суктануу менен көз чаптырды. Ал бир тал чымкый кызыл гүлдү аярлап үзүп, ырахаттана искеди. 

Балдар-кыздар тиш какшаткан муздак, мөлтүр таза суудан кана жутуп, тушардан өтө чыккан шибер чөпкө чалкалай жатышты. Кайдадыр канаттуулардын түркүн үндө сайрагандары угулат. Карагайларда тыйын чычкандар бутактан бутакка секирип, булактайт. Тээ төмөн жакта Жууку суусунун шары угулуп, карагайларды аралай, кандайдыр бир сырды айтып жаткандай күңгүрөйт.

Түшкө чукулдап калган маалда балдар шар суудан анча алыс эмес жерде тигилген жалгыз боз үйгө жетишти. Буларды тээ ашуу тараптагы апай төштөн көргөн Абыш карыя тору атын жетелей, жайылган койду четтей басып жөө түшүп келди. Балдар аны утурлай басып, жапырт салам айтышты.

- Алеки салам, балдарым, чаалыгып-чарчабай келдиңерби?

- Акматтан башкабыз чарчаган жокпуз, ата, - деди Аспек жылмая. Балдар күлүп калышты, кыздар да кошулду.

- А эч нерсе, ал тоого биринчи келгендик кылып жатпайбы. Эки-үч күн жүрсө көнүп кетет. Тиги чокуга чуркап чыгат. Кана анда, үйгө киргиле.

- Меникиндей жүк көтөрсөңөр көрөт элем чарчабаганыңарды. - Акмат боз үйгө жөлөп койгон жүгүнө карап койду. Чынында эле ал балдарга караганда жүктү көп алган экен.   

- Ата, энем көрүнбөйт го, кайда кеткен? - Алман аттын чылбырын алды.

- Кайда кетсин, балам. Бул чөлкөмдө бара турган деле жер жок. Эрмектеп, музоолорун карап келет. Балдар келет дегенди угуп, эки-үч күндөн бери жаны тынбайт каймак-майын даярдап. Самоорун коюп кетиптир. Тигине, келатат.

- Атты кайда байлайын, ата?

- Тизгинин ээрдин кашына илип, чылбырын мойнуна ороп, бош кой. Эч жакка кетпейт, мага окшоп бу да тоого көнгөн жаныбар.

Төмөнтөн чыгып, ашыга баскан кемпир демиге берип, тез эле жетип келди. Колунда бир мискей каймак. Аны төмөндөгү жерден чыккан муздак булакка таш бастырып, коюп кое турган. Муздак турсун дегени го. 

- Балакетиңди алайын, келип калдыңбы? Айыл-ападагылар аман-эсен турушабы? - Кемпир Алманды, анан калган балдар, кыздардын ар бирин тааныбаса да өөп чыкты.

- Бардыгы жакшы турушат, эне. Өзүңүздөр кандай турасыздар? Кыйналбай элесиздерби?

- Кудайга шүгүр, балам.  Көнүмүш турмуш өтүп жатат. Бирок, карыган сайын алдан-күчтөн тайый берет тура адам. Атаң кыйналып калчу болду. Карыгандан каржаңдап мал артында жүрүү оңой-олтоң иш эмес, балам.

- Айылга эле барып албайсыздарбы?

- Буйруса күзүндө колхоздун малын өткөрүп берип, жакага түшөбүз. Антпесек атаң байкуш каржалып кетти.

- Ой, кемпир, ал-жайды жайынча сүрүштүрүп аларсың. Балдарга чай-пайыңды бер. Дем алышсын, мынча жолду жөө басып, чарчап келишиптир. Балдардын бүгүн келишерин билгенде дайындап койгон койду жана байлап койбойт белек. Эми аны жайыттан кармаш керек. Эрте күндү кеч кылбайлы.

Тоо койну адеп келген адамга өзүнчө бир ажайып дүйнө. Өзүнчө сыры, өзүнчө ыры бар. Эч бир жан чече албаган өзүнчө керемети бар. Сезимтал, туюмчул жанга ачылып бере турган өзүнчө «эшиги» бар. Андан кире алган адамдар башка бир дүйнөгө кабылышат. Тиричиликтин майда-барат, кээде түккө турбаган абыгерчилинен кутулуп кеткендей жеңилдеп, эркин боло түшөт. Жан-дүйнөдөгү жылдар боюу катмарлана чогулган дилдин, ниеттин кирлери аптапта калган муштумдай муз сыңары эрип, тазара түшөт. Өзүнөн өзү көлкүлдөп, ушунча кирди буга чейин кантип көтөрүп жүргөнүнө таң калат. Анан дилинин, ниетинин кир экенине уялып, өзүнөн өзү пастап кеткенин сезет. Андан эми арылганына, тазаланганына көзү жетип, ушуга кубанат. Көңүлүнө куш канаты пайда болуп, ошо канатка жармашып, тээ асман мелжеп, Күн нуру мөңгүлөрүнө төгүлүп, көз карыктырган чокуларды көздөй зыпылдап учкусу келет. Бирок, муну бардык эле пенденин сезе албаганы, ошол «эшиктен» нары өтө албаганы абдан өкүнүчтүү. Тоонун ошо кереметтиги, ыйыктыгы, балким, ушундадыр...   

Эртеси балдар ала келген тамак-аштарынан чакандап алып, ашуу тараптагы «Таш-Булак» тарапка жөнөштү. Анткени ал жердин көз тайгылткан кооздугу, таш боорунан атылып чыккан тунуктугу, таңдайдан кетпеген татымы жөнүндө мурда угушкан. Эми ошону өз көздөрү менен көрүүнү дегдешти. Бул конуштан «Таш-Булак» көрүнбөйт эле. Шар сууну беттеп, чыйыр жолго түшүп жогору жүрүп олтурушту. Жол барган сайын өр таянып, таштак тарта баштады. Айрым жерлерин чоң-чоң таштар тосуп калган экен. Качандыр бир кездерде жер титирөөдөн, же катуу бороон-чапкындан тээтиги тоолордон бөлүнүп, куласа керек. Алардын биринин оң жагынан, дагы биринин сол жагынан айланып өтүп кетишет. Дагы бир жерде эки килейген таш кулап, баштары тийишкен боюнча тигинен туруп калыптыр. Жол ошол экөөнүн ортосунан өтөт экен. Ал жерден эки атчан адам катар бастырып, кенен-кесири өтчүдөй. Кудум кол менен жасап койгон өзүнчө бир архитектуралык арка сыяктуу. Бул балдарга абдан кызыктуу көрүндү, мурда мындай нерсени көрүшпөптүр. Ошондуктан ары-бери бир нече жолудан өтүштү. Мындан аркы жол карагайларды аралап кетет экен. Айрым тарбайган бутактардан эңкейип, бүгүлүп өтүүгө туура келип атты. 

Үч саатка чукул өр таянган татаал, таштак жолду басып чаалыккан балдар акыры көздөгөн жерге келип жетишти. Айткандай эле бул жер өзгөчө кооз жер экен. Чарчап-чаалыккан балдар белден буралган тулаңга олтура кетишти. Гүл, арча жыттанган сергилең аба саамай сылап, көңүлдү өрөпкүтөт. Кыйла бийик, келүүгө татаал болгондуктан бул чөлкөмгө мал буту тийбеген. Адамдар да сейрек каттайт. Анткени мындары ары, тээтиги шагыл куюлуп турган бийик белди ашса, Сырт өрөөнүнө чыгат. Бирок, мал ал жакка мындай ашпайт. Секиртмелери көп, жалгыз аяк жолдон, бийигирээк болгондуктан чыга албайт. Сырт жакта, же ал тараптан бул жакта шашылыш жумушу чыгып калган айрым адамдар гана тың, күчтүү ат менен анда-санда жүрүп калышпаса, башкалар келе беришпейт. Кээде аң уулаган бирин-экин киши карааны көрүнө калат. Оң тарапта жыл карагайлуу бийик бет, ал алысыраактан өзүнчө бир көгүш тукаба жапкандай көрүнөт. Ошол беттин баш жагы асманды көздөй бой керген жалама зоого барып такалат. Түбүнөн туруп бир караган адамга асмандын өзүн тиреп тургандай көрүнүп кетет. Болжол менен алганда сексен метрдин ары жак-бери жагы болот. Зоонун тээ башынан бери, он-он беш метрдей төмөн түндүктөн кичирээк оюн бар. Дал ошол оюктан тунук суу оргуп, шаркырап агып турат. «Таш-Булак» аталып калгандыгы да ушундан болсо керек. Ошондон түшкөн суу асканын түбүнө түшүп, чакан стадион көлөмүндөй тоо көлүнө айланган. Анын тереңдиги канча экенин ким билсин. Ушунча бийиктиктен күч менен түшкөн суу асканын түбүн кыйла эле ойсо керек. Муну текшерген ким бар дейсиң. Суу көлмө бетине түшкөндө туш-тушка мончоктой чачырайт. Өзүнчө бир фонтанды элестетет. Көлдүн төмөн жагындагы кайкыдан ашкан суу салаа-салаа болуп агып барып бир нукка түшөт да, чакан арыкка толуп-ташып төмөн карай даң салып жөнөйт. Ошентип, өзөнгө жетип, күркүрөгөн Жууку суусунун бир күрөө тамырын түзөт.    

Сол тарабы да бир топ бийик. Бирок, негедир ал бетте карагайлар анча жыш эмес. Төмөнтөн эки кокту болуп келип, башы кууш тартып тиги белге барып такалат. А бери жагы түзөң. Бир топ кенен. Ар кай жерде боз үйдөй, өгүздөй таштар. Кимдир бирөөлөр атайын алып келип, ар кандай формада тизип койгон сымал. Аларды аралай өскөн түркүн бадалдар, самби талдар, чатышкан чоң түп долонолор, жайдыр-кыштыр жашыл ыраңынан ажырабаган арчалар. Алар менен атаандашкандай, күн нурун талаша өскөн түркүм гүлдөр. Буралган бетеге, түстүү килемдей жайылган, тушардан өтө чапкан тулаң чөп. Аны басып кеткенден таманың тартынат. Бак-дарак арасында ар кандай канаттуулар сайрашат. Жакын эле жерден көрүнбөгөн чекиртке чырылдайт. Кооз канат көпөлөктөр гүлдөн гүлгө конуп, анан кубалаша өйдө-төмөн учушат. Көгүш түс гүлдөргө дыңылдаган аарылар коно калып, ширесин сорот. Буларды зоодон түшкөн суунун бир ыргактагы шаркырагы тынымсыз коштоп турат. Кыргыз тоосунун, анын тырмак агындай болгон мына ушу чөлкөмдүн көз кумарын кандырган, табигаттын өзү жараткан кайталангыс көркөм, ажайып бир жандуу сүрөт экенин,  адам жүрөгүнө кымбат, ыйык экенин өзүнчө симфонияга айлантып, адам жашоосунун асылдыгын, кереметтигин алда кимдерге астейдил даңазалап жаткансыйт. Айлана-чөйрөгө көңүл төшөп, көз чаптырган адам башка, али бейтааныш дүйнөгө келип калгандай өзүнчө өрөпкүйт.

Баятан бери зоо боорунан шаркырап түшкөн суудан көз албай, ойлуу карап турган Зуураш өзүнө-өзү айткан сымал:

- Ушундай да керемет болот экен, ээ, - деди үнүн акырын чыгара. Ал арык жээгине чөк түшө олтура калып, көз жашындай мөлтүр суудан кочуштап сузуп, ичти. - Муздактыгын карасаң. Татымы да өзгөчө экен, укмуш.

- Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, Зуураш. Биздин тоо ичинде ушундай кооз жердин бар экенин ойлобоптурмун. - Асел да аны коштоп кетти.

- Айылдан беш кадам аттап чыкпасаң, кайдан билмек элең, - деди Акмат эликтегендей.

- Балдар, келгиле, ушул керемет жерде көңүлгө тийгидей, өгөй-татай кептерди айтпайлы.                            

- Зарипа туура айтат, - деди Зуураш.

- Көлгө түшпөйлүбү, балдар. - Аспек азыр эле чуркап барып бой таштай турган кейиптенди.

- Жок балдар, бул көлгө түшүүгө болбойт.

- Эмне үчүн?

- Анткени көл абдан муздак, анан да анын терең, же тайыз экенин ич ким билбейт. Муну түпсүз деп да айтышат.

- Түбү жок нерсе болчу беле. - Темир шылдыңдуу карады Алманга.

- Мен бул жердегилердин айткандарын айтып жатам. Чоң аталар жөн жеринен айта беришет деп ойлойсуңбу.

- Туура балдар, көлдү булгоого болбойт. Төмөн жакта канча адамдар ушул суудан ичишет да. - Зуураш да чебеленип кетти. Ушуну менен талаш токтоп, башка нерсеге алаксып кетишти.

Алман чоң таштан жогору өтүп барып, чымкый кызыл гүлдөрдөн бир тутам терип келип, Аселге сунду. Кыз ага суктана карады:

- Ой-ий, кандай кооз гүлдөр. Аябай жыттуу экен. Ырахмат! 

- Бизге деле тере келүүң го. - Назима таарына түшкөн кейипте кыйгач карады.

- Сага гүл сунам деп, Темир менен урушкум келбейт. А, тигине, ал деле калышпай терип келатат. Эми анысын сага берүүгө эрки жетер бекен десең.

Берки кыздар алдыртадан шыңкылдап күлүп калышты. Аны сезбеген Темир колундагы тутам гүлдү коомай кармап, Назимага жакын келди да, батына албай туруп калды. Анысын сезген Назима өзү умтула берип, гүлдү аярлык менен алды. Анан беркилерге: «Шылдыңдабай эле койгула, көрдүңөрбү, бары бир гүл берди» деген кыязда карап койду. Муну менен эле токтоп калбай, жигитти кучактай берип, эрдинен өптү:

- Ырахмат, Акмат.

Түш ооп баратты. Мындай кезде убакыттын өткөнү да билинбей калат турат. Баятадан бери бул жердин тыяк-быягын текши көрүп, карагайлуу беттин кыйла жерине чыгып, чаалыккан балдар суунун жээгинде эс алып, шам-шум этип олтурушту. Кез-кезде дуу эткен күлкү жаңыра түшөт. Станбек ортодогу винонун бошогон бөтөлкөсүн тигиндей ыргытты да, башкасын ачып, чыныларга куйду.

- Балдар, мынча винону эмне алып алгансыңар, жетишет. - Сөздөрү арбый баштаган балдарга кооптуу карады Асел. Кыздар бир, эки алгандан кийин эле токтотуп коюшту.

- Кана балдар, алгыла. Азыр ичпегенде качан ичебиз? Биз эми мектеп окуучусу эмеспиз. Алдыбызда чоң турмуштун босогосу. Аны ар кимибиз ар кандай аттап, туш тарапка тарайбыз. Айрымдарыбыз каалап жүргөн окуу жайларына өтөбүз, айрымдарыбыз армияга кетебиз, же жумушка киребиз.

- Кыздарыбыз күйөөгө тийип кетишет. - Темир кызуулана сүйлөп келаткан Станбектин сөзүн бөлдү.

- Эй, энеңдин ичинде кантип жаттың эле, ошону айтып келатпаймынбы. Ошо, кыздарыбыз бак айтып койсо окууга өтөт, болбосо белгилүү да.

- Буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө. - Аспек сөзгө кыпчылды. Аны бир карап алган Станбек сөзүн улантты:

- Ооба, туура айтасың. Анда кимибиз болсок да бет алган жактан жакшылык табалы. - Балдар чыныдагы винону алып жиберишти. Кыздар бул жолу да ичпей коюшту. Бөтөлкөнү бат эле бошотуп коюшту. Бош бөтөлкөлөрдү чоң ташка бута коюп, таш менен уруп сындырышты. Тээ нары жакта чоң түп карагандын далдаасында жүрүшкөн кыздар бир маалда жарыша кыйкырып, бери чуркашты. Балдар элейип карап калышты да, алдынан утурлашты. Бардыгы коркуп алышкан.

- Эмне болуп кетти, кыздар?

- Жылан, чоң жылан! - Алар биринен бири өтө аптыга сүйлөдү. Көздөрү алайып кеткен.

- Кана, кайда экен?

- Тиги жакта. Барбагыла, абдан чоң жылан экен. Чагып алат.

Балдар алар көргөзгөн тарапты көздөй чуркашты. Чоң таштан өтө берип, кучак жеткис калың түп карагандын жанына токтошту. Караганга жете бербеген, ачыгыраак жерде билектен жоон жылан жаткан экен. Негедир балдардан качпады. Төрт чарчы келген башын бир аз көтөрүп, күн нуру чагылган кыймылсыз көздөрү менен балдарды карады. Демиге чуркап келген алардын деми негедир кайта түштү. Орундарында селейип туруп калышты. Мурда алардын бири да мындай чоң жыланды көрүшпөптүр. Адеп Алман өзүнө келгенсиди. Акырын эңкейип, жерден муштумдай ташты алды да, керилип туруп, жыланды дал башка уруп калды. Жанындагы балдар аны токтотуп калууга үлгүрүшпөдү. Жыландын башы былч эте, туш-тушка бозомтук кан чачырап кетти. Кандайдыр бир түшүнүксүз үн угулду. Жылан ордунда бир чимирилип, денесин кергендей жазыла түштү. Куйругу ыргыткан аркандай буралып келип, Алмандын бир бутуна чабылды. Муну күтпөгөн Алмандын бүткүл денеси дүрт этти. Бутуна жыландын куйругу эмей эле, сом темир тийгендей зыркырап кетти. Жыгылып барып кайра оңолду. Жылан жерде жаткан башын сүйрөп, дале чимирилип жатты. Куйругу тигиндей боло берип, кайра чабылды. Алмандын бутуна ороло түштү. Кимдир бирөө эки бутуна илмек аркан ыргытып, анан шарт тартып жибергенсиди. Чалкасынан жыгылып, башы ташка тийди. Көзү караңгылай түшкөнүн сезди. Жыландын куйругу бутунан чыкпай, акырын ороло баштаганын көрдү балдар. Адеп Акмат таш ала коюп, жанчылган башты коюп калды. Ушундан соң берки балдар да жапырт киришти. Жыланды туш келген жеринен жанчып киришти. Ошондо гана куйругу бошоп, Алмандын бутунан ажырады. Бүт денеси жанчылып, алба-далбасынан чыккан жылан сулк жатып калды. Балдар Алманды колдон-буттан көтөрүп, жанагы олтурган жерге алып барып жаткырышты. Ал дале эсине келе албай жатты. Бүт денеси сыздайт. Бир маалда тунарган көздөрү асманга тигилди. Көгөргөн, булутсуз асманда боз үйдөй кара булут пайда болгонсуду. Алман көзүн жумуп жиберип, кайра ачты. Эми жанагы нерсе даана көрүндү. Булуттун ичинен бир агарган нерсе бөлүндү. Ал тегерек, жарык эле. Ал улам берилеп, жакындап келатты. Анан орто ченинен бир сызып пайда болуп, ал эки жакка ачылды. Эми тегеректин ичинен бир көз көрүндү. Ооба, кадимки эле адам көзү. Бирок, ал жалгыз, анан ушунчалык зор болучу. Ошондуктанбы, ал канчалык алыс болсо да, капкара кашын, тикчийген кирпиктерин, агын, анын ортосундагы түпсүз көрүнгөн карегин көрдү. Ал ирмелбей, бир калыпта Алманды карап турду. Белгисиз күчү менен аны арбап жаткансыды. Ырп этер дарманы жок, жалдырап карап жата берди. Жанындагы дүрбөлөңгө түшүп, эмне кыларын биле албай атышкан балдар менен кыздарды да сезбеди. Суу ууртатып, чекесине суу чүпүрөк басып ыз-быз болуп жатышты. Мунун бирин элес албады. Бардык дити тигил көздө эле.

Бир оокумда карек жарыла берип, андан түшүнүксүз караан көрүндү. Ал адеп кандайдыр бир жаныбар түспөлдөндү. Бара-бара итке окшоду. Күрсүйгөн денеси, кулактары тикчийип, кере-карыш жаагы, сүрдүү, ырайымсыз көздөрү даана көрүндү. Ал каректен бери чыгып, тикирейе карап турду. Негедир сезиминде: «Карышкыр!» деген сөз жаңырыктап кеткенсиди. Ушул маалда жанагы караан көз уялта жарк этти. Анын нуру менен бөрүнүн өзү келип карегине урунгандай болуп кетти. Денесин көрүнбөгөн жалын каптап өттү. Күңүрт кыйкырып жиберди. Колдору менен бетин калкалай, башын бура койду. Кайра караганда жарык өчүп, көз гана мурдагы калыбында карап турган. Карышкыр жок эле. Алман колун ошого жаңсай берип:

- Тетигини көрдүңөрбү, - деди үнүн зорго чыгарып. Балдар кол жаңсаган жакты жапырт карашты. Бирок, эч нерсе көрө алышпады.

- Ал эмне, Алман? Көзүңө бир нерсе көрүнүп атабы? - Асел анын башын кучактай, жогору көтөрдү.

- Жүрөктү түшүрбөчү, Алман. Эмне болду сага, кел, мындан жутчу. - Аспек колундагы сууну анын оозуна жакындатты. Ал бир-эки ууртады да, чыныны серпип жиберди. Аспектин колунан ыргып барып, бодур ташка тийди. Чыңк эткен үн аны жалт каратты. Майдаланган күкүмдөр туш тарапка чачырап кетти. Ошол күкүмдөр күн нуруна чагылышып, бир кызыктай көрүндү. Күндүн өзүнүн майдаланган күкүмдөрү жерге ушунчалык жай түшүп жаткансыды. Айрымдары козголбой эле, бир орунда асылып тургандай. Алман көзүн андан тартып алып, асманды карады. Эч нерсе жок, асман чаңкайып, көгөрүп турат. Жалгыз көздөн дайын жок. Эми ал ордунан чапчаң турду. Кудум эч нерсе болбогондой. Ордунда секирип-секирип алды.

- Буга эмне болду?

Темир таңдануу, кандайдыр бир кооптонуу менен карап калды. Берки балдар ийиндерин куушуруп коюшту. Аспек сөөмөйүн оң жак чыкыйына такап туруп, бул «акылынан айныды» деген белгини бергендей ыйкап-ыйкап койду. Анын бул ишаарасы Алмандын көзүнө илине түштү. Тиштери кычырап, эки муштуму таштай түйүлүп барып, кайра жазылды. Шарт бурулуп, жанагы жылан өлтүрүлгөн жерге жөнөдү. Чоң таштын жанына келип, делдейип туруп калды. Эми эле жанчып, алба-далбасын чыгара өлтүрүшкөн жылан жок эле. Арт жагынан аярлай келишкен балдар да жыландын жок экенине көздөрү жетип, дел болуп турушту.

- Балдар, бул жерден кетеличи, - деди Асел. Үнү дирилдеп кетти.

Алман аны уккан жок. Негедир артына кылчайып, «Таш-Булактын» үстүн карады. Жанагы жылан ошол жактан булак эткенсиди. Бирок, ошончо алыстыктан жылан эмес, буталган карагай көрүнмөк эмес. Антсе да Алман ички сезиминде жыландын ошол жакта экенине көзү жетип, бөркүндөй ишенип турду. Дагы бир жолу көрүп, эми чындап өлтүргүсү келип турду. Ушу кезде анын башка ою, башка мүдөөсү жок болучу. Ага жетүү үчүн бардыгына даяр эле. Ички сезими, өзүнө баш бербеген белгисиз күч ушуга түртүп, ушуга шыктандырып атты.

- Ал тиги жакта. - Алман ишенимдүү түрдө колун жаңсады.

- Андай болушу мүмкүн эмес. - Темир да ишенимдүү сүйлөдү.

- Бул болбогон нерсе.

- Өлгөн жылан ал жакка эмес, карыш жылчу беле.

- Бул эмне деген сыр?

- Балдар, корко баштадым, кетеличи.

- Токтогула ызылдабай. Мени менен ким барат? – Алмандын үнү заматта өзгөрүлүп, өзүнүкү эмес, таптакыр башка бирөөнүкүндөй чыкты. Ал ушунчалык чечкиндүү, чыйрак, ошону менен бирге эле кандайдыр бир каардуу эле. Жүзү да түнөрүп турду.

Эч ким унчуккан жок. Балдар бири-бирине «чын эле акыл-эсинен айнып калгандан сообу» деген кыязда карашты. Кыздар аны-мунуларын чогултуп, жыйнай башташты. Тезирээк кетип калбаса болчудай эмес деген пикирге келишти.

- Мени менен ким барат? - Алман суроосун кайталады.

- Уксаң Алман, сен муну чын эле айтып жатасыңбы? - Аспек анын көзүнө тике карап сурады.      

- Тамашалайын деген оюм жок.

- Түшүнсөң Алман, өлгөн жылан ошол зоого чыгып кетет деген ойдун болушу да мүмкүн эмес. Өлгөндү мындай кой, тирүү жылан эмес, адам баласы чыгып бара албайт.

- Биз мобу карагайлуу бет менен барабыз.

- Андай да чыга албайсың. Өтө тик, жыш өскөн карагайларды аралап баса албайсың.

- Аны учурунда көрөбүз. Кана, мени менен ким барат? Же мындагылардын бардыгы суу жүрөк, коркокторбу?

- Кимди суу жүрөк, коркок деп жатасың? - Аспек анын бет алдына келип, демите сурады.

- Сени, Темирди, Акматты. Силер качан бир ишке жарачу элеңер. Ашкебилер.

- Эй, сен кимди ашкеби деп жатасы? - Аспек тигинин жакасынан муунта кармады. Ал колун бир булкуу менен бошотту:

- Дал сени айтып жатам, уктуңбу? Эгерде коркок, ашкеби болбосоң азыр мени ээрчийсиң. А болбосо өз эркиң менен мобу кыздардын биринин трусийин башыңа киесиң. Макулсуңбу ушуга?

Бардыгы дымырап, эмне кыларын билбей нес болуп турушту. Аспектин жаак эттери чыгып, муштумдары түйүлдү. Башы чыңалып, кулагы чуулдап кеткенин сезди. Ал эки оттун ортосунда турду. Бир маалда шарт бурулду да, суудан бутун чечпей кечип өтүп, жыш карагайлуу бийик бетти көздөп жөнөдү. Анын артынан Алман чечкиндүү түрдө басты.

- Балдар, токтогула. Ал жакка чыгып барууга мүмкүн эмес. Кайткыла!

- Алма-аан!.. Ас-пе-еек!.. Кайткыла, биз кетебиз...

Балдар менен кыздардын чуулдаганына экөө көңүл буруп, кылчайып да коюшпады. Бет алган жагына дугдуңдаган боюнча кете беришти. Бир аздан кийин карагай арасына кирип, көрүнбөй калышты. Жакшы тилек, көңүлдүү маанай менен келишкен балдар окуянын мындай тетири жагына айланып кетерин билишкен эмес. Эми эмне кыларын билбей сырын ичине каткан калың карагайлуу, жүрөк опкоолжуткан бийик бетти карап, үн-сөзсүз тунжурап турушту...

***

Арадан канча мезгил өтүп кеткенин билген жок. Көзүн ачканда отургучка олтургузуп, эки жигит эки жагынан жөлөп турушкан экен. Жанек чепелектеп бир олтура калып, бир тура калып, бетине муздак суу чачуу менен алек. Бир нече киши тегеректеп калышкан. Алман башын бир чайкап алды да, ордунан турду. Тургандарга: «Эч нерсе эмес, бардыгы жайында, бара бергиле» дегендей белги менен колун көтөрүп койду. Ушундан соң тигилер бирин-сериндеп чыгып кете башташты.

- Сизге эмне болду, Алман байке? «Тез жардам» чакырып койдум, мына, келип калды.

- Эч нерсе эмес, аны узатып жибер. Мен жакшы болуп калдым. Ме, муну бөөдө чакырык кылганың үчүн берип кой.

Ал чөнтөгүнөн миң сомдуктан бирди алып, ага сунду. Жанек дароо чыгып кетти. Колдорун алдына кайчылаштыра кармаган эки жигит артка чегине берип, дубал түбүндө туруп калышты. Алман кайра терезеге барды. Эми эле болуп өткөн окуянын эмне экенин түшүнө албай атты. Маңдайда, жанагы сырдуу көз көрүнгөн жерде эми эч нерсе жок эле. Деги эле ошондой нерсени өңүндө, болгондо да ушул жерде, азыр эле көргөнүнө бир ишенип, бир ишенбей турду. Өзүнчө деңдароо абалдан ажырай албай атты. Көчөгө көз жүгүрттү. Ресторан  алдындагы атайын аянтка батпаган машиналар көчөнүн эки тарабына тизилип, баш-аягы көрүнбөйт. Келгендер да топ-топ болуп, ар кай жерде турушат. Ал саатын карады, белгиленген мөөнөттөн жарым саат өтүптүр. Меймандарды эшикте мынча убакка кармабаш керек эле. Негедир кыжаалат болуп, бушайманданып кирди. Анан жан-дүйнөсүндө кимгедир бирөөнө болгон кыжырдануу, жинденүү баш көтөрө баштаганын сезди. Ушул жерде тургандардын бардыгын чакчалекей түшүрүп, колуна эмне тийсе ошону кыйратып жибергиси келди. Ким билет, ушул маалда көчөнүн тиги башында жаркылдаган жарык чыгарган эки машинанын ортосунда келе жаткан белгилүү машина көрүнбөгөндө эмне болуп кетет эле? Күткөн адамы келе жаткан экен. Көңүлү жайлана, эми эле буркан-шаркандап келаткан нерсе башын кайра тартып алгансыды. Ал шашыла төмөн түшүп, көз жоосун алган капкара машинаны утурлады.

- Кимди тандап, куйругун кимге шыйпаңдатышты билет бул эргул. - Жанынан учурашпай өтүп кеткен Алмандын артынан карап калган богоктуу, эткээлинен келген жапалдаш бойлуу киши жанындагыга акырын үн катты.

- Антишке да зор жөндөм керек эмеспи, - деди тигиниси. Ал бизнес чөйрөсүндөгү белгилүү адамдардын биринен эле.

- Бул жигит байкалбай жүрүп эле ушунча даражага жетип алды да. Шаарда мунун атын билбеген адам болбосо керек. Буга кантип жетишти экен?

- Анысын ит билеби, негизи жолдуу жигит көрүнбөйбү. Бул жигит жөнүндө ар кандай кеп-келечтер кулакка чалына калып жүрөт. Алардын бири - тоонун адам буту тие элек кайсы бир жеринен көп алтын таап алган имиш. Бизнесинин башаты ошондон башталган деп жүрүшөт.

- Аа, анда жөндүү экен, болбосо мынча чоң компанияны сатып алуу абдан кыйын го.

- Туура айтасың, мунун компаниясы шаардагы бирден-бир чоң, белгилүү компания эмеспи. Кирешеси да аз эмес. Көптөгөн чет өлкөлөр менен ишкердик карым-катнашы бар.

- Иштин ыгын тапкан эпчилдерге айла жок эмеспи. Демек, биздин тоолордо да алтын таба турган жер бар экен да.

- Болушу мүмкүн. Чынгыс хандын алтыны бар деп, канча жылдан бери Күрмөнтүнүн тоосун келемиштей казып жатышпайбы. Же бир анысы табылып, көксөгөндөрдүн демин суутпайт.

- Элди киргизе баштады, жүрү, кирели.

Өз ара кобурашкан экөө, чоң эшикти көздөй агылган элге аралашты. Футбол талаасынын тең жарымындай келген залга эл жык толду. Адатта «аш көп болсо - каада көп» деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай, той-аштар, башка кечелер мындай залдарга адамдарды топ-топко бөлүп олтургузуунун да өзүнчө каадасы пайда болду. Төр тарапка карыялар, жашы улуулар эмес, бийлик тизгинин чойгондор, соода, бизнес чөйрөсүнүн төбөсү көрүнгөн мыкчегерлери, ошо тойду, же туулган күндү, болбосо кандайдыр бир кечени өткөрүп жаткан адамга пайдасы тие турган адамдар олтургузулат. Ошондуктан эң сыйлуу деп эсептелген орундарда жалаң гана жаштар олтуруп, сакалдуулар, улгайган адамдар четте калышканына эч ким таң калбайт. Бул көнүмүш эле көрүнүшкө айланып калган. Мында да ошол тартип бузулган жок. Төрдөгү эң биринчи столду Азамат Асылбашевич жубайы экөө, анан ал кишинин жакындары ээледи. Бир кыйла төмөн, залдын каптал жагында Алмандын туугандарына, айылдаштарына бир нече стол коюлган. Бирок, негедир алардын экөө гана ээленип, калгандары бош калды. Алман муну адеп көргөндө таң калып да кетти. Анткени ошо жерде олтурган адамдардын көбү ага бейтааныш эле. Алардын кандай тууганчылыгы бар экенин билбейт болучу. Атасы да, энеси да келбептир. Ал тургай инилери, келиндери, карындашы, күйөө баласы жок. Бир нече күн мурда энесинин ооруп жатканын уккан. Тойго чейин айыгып, келип калат го деп ойлоп, буга анча деле көңүл бурган эмес. Көрсө, энеси дале жакшы боло элек болсо керек. А эмне үчүн атасы, бир тууган инилери жок? Алар келиши керек эмес беле? Балким, келип калышар, бир нерсеге кармалып, кечигип жатышкандыр. Өзүн ушинтип алаксытып, көңүлүн жайгарган болду. Жок, келишпеди. Бош столдордон башка, батпай калган адамдар жай алышты. Аларды дагы бир ирет карап алган Алмандын ичи эңшерилгендей боло түштү. Жан-дүйнөсүндө бир нерсе чырт этип сынып кеткенсиди...

Той шаан-шөкөт коштолгон салтанат менен өтүп жатты. Кулактын тарсылдагын жарып жибере тургансыган музыка дүңкүлдөп, зал ичин жаңыртат. Ийрелеңдеп-буйралаңдап бийлеген кыз-келиндер, жигиттер. Көпчүлүгүнүн музыканын ыргагына жарашкан, жарашпаганы менен иштери жок. Эптеп бийледи аты кылса болду. Сахна менен телевидениеден түшпөгөн, учурдун «жанып турган жылдыздары» атанган ырчылардын улам бири чыгат. Жанек анын эмне ойлоп, эмнени самап турганын айттырбай билет. Бул жагынан андан өткөн жан жок. Тойдун майда-чүйдөсүнө чейин ойлоштуруп, жасалгалаган ошол. Ырчыларды да, тамаданы да Алмандын өзү каалагандай тандап, чакырган. Мунусунан кынтык таба албайт эле. Ичинен ага ыраазы болуп койду. Алдыртадан башын буруп, туугандары олтурган столдор тарапка көз чаптырды. Алар өздөрү менен өздөрү болуп, анда-санда өз ара сүйлөшкөн болушат. Алдындагы тамактан жай гана алып жеп олтурушат. Негедир алардын бирин да жакынсынып, жүрөгүнө жылуу кабыл ала албады. Бул да ал үчүн таң калыштуу эле. Балким, бул алар менен көптөн бери, оо канча жылдардан бери кезикпегендиктен, мамилелеш болбогондуктандыр. Ага катар коюлган столдо олтургандардын арасынан классташтарынан бир гана Зуурашты көрдү. Ал бул шаарда жашай турган, үй-бүлөлүү, белгилүү акын эле. Кез-кезде кезигише калганы болбосо, атайылап деле жолугушпайт. Классташтарынын көбүнө чакыруу кагазын жиберген. Алардын дайын-дарегин Жанек шудуңдап жүрүп таап келген. Ошол даректен классташтарынын жетөөсү бул шаарда жашаарын билген. Чындап келгенде алардын бири менен да байланышпаптыр. Кандай турмуш кечирип, эмне иштер менен алек болуп жүрүшкөнү да белгисиз болучу. Кайсы бир жылы он жылдыкпы, же жыйырма жылдыкпы эсинде жок, иши кылып бир сапар мектептеги жолугушуу кечесине чакыруу кагазын алган. Барууга ниеттенип атып эле бара албай калган. Ал кезде бардык шарты бар эле. Жөн гана каалоо жетишсиз болуп калдыбы, же ишинен бошободубу ким билет. Ошондо барып, бир жылкыны өзү сойдуруп, мектепке төрт-беш миң доллардык бир чоң буюм алып берип койсо болмок. Классташтарына, туугандарына, жалпы эле айылдаштарына көрүнүп, анын ким экени, кандай экени билинип калмак. Анда азыр тигил эки столду үркөрдөй болуп ээлебей, күтүрөшүп, ушул залдын жарымын алышпайт беле. Барыдан да ата-энесинин келбей калганын карасаң. Баса, аларга эмне болду? Энеси дале жакшы боло элекпи, мүмкүн ал ооруканага жатып калгандыр? Атасы, жок дегенде инилери келсе болмок. Көптөн бери аларды да көрө элек эле. Жумуш, тиричилик деп жүрүп, алар тарапка каттабаганына көп жылдар өтүп кетиптир. Кээде алардын өлүү-тирүүсүн да билбей калат. Балким, алар эбак эле андан түңүлүп коюшкандыр. Неге мындай болуп калды. Жүрөгү жедеп мерез, кара таш болуп калдыбы. Бул ойдон улам өзү селт этип кетти. Ушунча элдин көңүлү ага бурулуп, ушунча шаан-шөкөт ал үчүн болуп, бул дүйнөдөгү болгон-бүткөн жакшы тилектер, каалоолор ага карата айтылып жатса да, көкүрөгү сыздап, жан-дүйнөсүндөгү бир муздак нерсе, боштук ичиркентип жатты. Мунусун адамдарга билдирбөөгө, сездирбөөгө тырышып, алектенип жатты. 

Турмуш деген ушул. Биринин көзүн бири карап, бири экинчисинен үмүт этет. Колдоо, жардам күтөт. Эзелтеден: «Колунда бар бала сүйгүнчүктүү» деп төгүн жеринен айтылган эмес. Болбосо бул тойго ушунча адам келет беле. Алманды этибарга алат беле. Мына, Алмандын өзү тааныбаган канча адамдар олтурат. Булардын көбү Алманга керек болсо, андан да көбүнө Алман керек. Себеби жөнөкөй гана - анын колунда бар. Борбор шаардагы беш бай болсо анын бири Алман. Анын кол алдында жүздөгөн киши иштейт. Азыркы жумушсуздук күч алып, иш таппай карайлап, дүйнөгө чилдей тарап турган учурда анын назарына илинип, ишканаларынын бирине илинип калыш ажеп эмес. Ошондуктан колдон келишинче ага жакындап, керек учурда жагынып, багынып туруу жөн. Мына, тамада жигит атаган адамдар ортого чыга калып, жаттап алган каалоо, тилектерин айтып, аны Айга, Күнгө теңеп, жалтырак-жултурак белектерин көтөрө чаап жатышкандары ошондон. Өзүнө карата айтылып жаткан сөздөр, көңүлдү көкөлөткөн ак тилектер башка бирөөнө багышталып жаткандай сезилет. Өзүнүн ошондой кыйын, ошондой чыгаан, колунан бардык нерсе келген жаратман, көп адамдарга жакшылык кылган берешен, колу ачык, боорукер адам экенин биринчи жолу угуп жатты. Бирок, буга өзү ишене албай, делдейе карайт. Анткени, ушунча байлыгы, мүмкүнчүлүгү бар туруп, кандай жакшылык кылып, кимге эмне жардам бергенин эстей албады. Балким, бергендерин көңүлгө түйбөй, жөн гана эсинен чыгарып койгондур. Кантип эле бирөө-жарымга жакшылык кылып, ажааттан чыгарып койгонго жарабасын. Бул айтып жаткандардын он сөзүнүн беш, алтысы кантип эле чындык болбосун. Ал ниетинде ушундай ойго уруна калып атты. Шылуундай жигиттер шуулдап, келген белек-бечкектерди тигил бөлмөгө тынымсыз ташып жатышты. Мурда ал үчүн ар бир нерсе маанилүү, керектүү болуп көрүнө турган. Эми негедир ушул буюм-тайымдардын эмне, кийим-кечектердин кандай экенин, кимдерден келип жатканына деле анча көңүл бурбады. Көөдөндөгү бир боштук улам жан сыздата калып, алагдылана берди.

- Урматтуу меймандар! Адам өмүрүндө сансыз күндөр бар. Бирок, ошолордун арасынан бир жарк эткен чагылган сыяктуу бөлүнүп, өзгөчөлөнгөн күндөр болот. Кылымга тете бир күн бар экенин биздин улуу жазуучубуз бекер жеринен айтып кетпегендир. Мына, анын далили катары бүгүнкү күндү айтсак болот. Ушул кылымга татыган күндүн салмагын дагы көтөргөн, көркүнө көрк кошкон улуу адамдарыбыздын бири арабызда олтурат. Буга бардыгыбыз сыймыктанып, анын ушул салтанаттуу кечебизге келип бергенине төбөбүбүз көккө жетип, кубанып олтурабыз. Асмандагы жылдыздардын саны жок, ошолордун арасынан бирөө гана жаркырап, жарык чачат. Ал - Чолпон жылдызы. Адамдардын арасынан дал ошол жылдыздай жаркыраган агабыз Азамат Асылбашевичке сөз берип койсок.

Шыпылдай сүйлөгөн узун бойлуу, ак куба тамада жигит тигил кишиге колун суна, токтоп калды. Аны колдогондой музыка зал жаңырта дүркүрөп барып басылды. Баятадан күүлдөп турган зал ичи жымжырт боло түштү. Өкмөт башчыларынын бакандай биринин келип отурушу мындагылардын көпчүлүгү үчүн да күтүлбөгөн нерсе болду окшойт. Эмне айтар экен деген кыязда сунулган кол тарапка баш бурушту. Ал киши ордунан оолжуй турду. Заматта пайда боло калган бирөө ага микрофон суна койду. Ордунан эле сүйлөп кирди:

- Кымбаттуу мекендештер, урматтуу меймандар! Бүгүнкү конференцияда... - Ал сөз аягына чыкпай токтоп калды. Залдан кимдир бирөө бышкырып, күлүп жиберди. Аны укмаксанга сала сөзүн кайра улантты: - Кечирип коесуздар, эми эле эларалык конференцияга катышып, анын таасиринен чыга элек экемин. Ошо, бүгүнкү салтанаттуу отурушта, то есть, тойдо... - Дагы сөз аягын таба албай калды окшойт. - Жанагы, ким эле... - Аялына карады. Анын айтканын илип ала койду. - Ооба, Алман. Бул жигиттин тоюнда баятадан бери жакшы тосттор айтылып... жакшы тилектер айтылып, сонун каалоолор билдирилди. Чынында мыкты жигит. Азыркы учур дал мына ушундай чыгаан жигиттерге зар болуп, суусап турат. Мындай жигиттерибиз арбын болсо, мамлекетибиз кыйынчылыктан тез эле чыгып кетет. Тез эле гүлдөгөн мамлекеттердин катарына кошулабыз. Андыктан биз, мамлекет башында турган адамдар, мындай жүрөгүндө от күйүп турган жигиттерибизди ар тараптан колдошубуз керек. Эмесе Албан, бүгүнкү үйлөнүү тоюң... - Аялы бир нерсе айтты окшойт, үзүлүп калган сөзүн кайра улады: - Ооба, юбилейлик тоюң менен куттуктайм. Мындан ары да тоюң тойго уланып кете берсин. Өмүрдү узагынан берип, ден соолугуң темирдей бекем болсун. Бул жерде олтургандардын бардыгынын сага айтылган тилектери кабыл болсун. Адатта, кыргыз баласы тойго куру кол келбеген эл эмеспи. Бул режимден... то есть, бул салттан биз деле четте кала албайбыз. Эми Алжан, дагы бир жолу тоюң кут болсун. Анан биздин үй-бүлөнүн атынан мобу кичинекей белекти алып кой. - Ушуну эле күтүп тургансып, нары жактан жалоондой жигит шып эте чыга калып, колундагы узун кутуну ага сунду. Алман жанына жетип барды. Сүрөтчүлөр, киночуларбы, же телевидение кызматкерлериби, айтор бир нече операторлор курчап калышты. Түркүн аппараттардын жарк-журк эткендеринен көздөр уяла түштү. Азамат Асылбашевич аларга боюн түзөй берип, бир аз карап турду да, анан кутуну ачып, андан кулачтаган кылычты сууруп чыкты. Кош колдоп өйдө көтөрүп, элге көрсөттү. Жүзүнөн кандайдыр бир сыймыктануу сезилип, шаңдана түштү. Ким билет, балким, өз ниетинде залда жардана карап калышкан адамдарга: «Эй, көрпенделер, көз дегенди чоң ачып көрүп алгыла. Мындай белекти эч бириңер бере албайсыңар, ага кудурет-күчүңөр жетпейт. Мындайга мен гана жарай алам, менин гана колумдан келет. Менин ким экенимди билип алгыла» деп жаткандыр. Эмнеси болсо да колунун жетишинче созо, башынан жогору көтөрүп турду да, анан Алманга сунду:

- Ушул кылычтай курч, өткүр жигит бол, иним. Өмүрүң да ушул кылычтай бекем болсун. Муну былтыр Араб Эмираттарынан алдым эле. Мурунку шейхтерден калган экен. Сага буйруп койгон буюм экен. Чын дилим менен ушуну сага сундум, иним.

Зал ичи дүңгүрөп, музыканын коштоосу менен алакандар дуулдап кыйлага чабылды. Муну менен бул белектин баалуулугу, салмактуулугу баса белгиленгендей болду. Буга чейинки белек-бечкектердин бардыгын басып кеткенсиди. Бирок, Алман үчүн бул белек анча мааниге ээ эмес эле. Керек учурда мындан жакшысын деле таап алмак. Тантырап, анын бирде «Албан», бирде «Алжан» деп, жок дегенде бул тойдун маанисин түшүнүп албай, «үйлөнүү тою» деп кыжырды келтиргени да маанилүү эмес эле. Эң маанилүүсү, пайдалуусу - бул кишинин тойго келип бергени болучу. Көздөгөнү ушул болучу. Анысына жетти.

- Чоң ырахмат сизге, Азамат Асылбашевич. Бул өмүрүмдөгү эң кымбат, эң баалуу белек. Мындай сейрек белекти мага ыраа көргөнүңүз үчүн сизге чын жүрөгүмдөн ыраазымын.

Алман кылычты туурасынан кош колдоп кармай, бооруна бекем кысты. Башын ийе таазим кылды тиги кишиге. Залдагы кол чабуу басылганча күтүп турду да, көз карашын аңдап турган жигитке ээк какты. Ал заматта жанында пайда болду, ага кылычты карматты. Тамада кайрадан ортого чыкты:

- Баракелде! Баракелде! Урматтуу туугандар, мына өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Улуу адам кай жерде болсо да өзүнүн улуулугун кылбай койбойт. Мындай урматтуу адамдардын берген белектери да өздөрүндөй улуу, өздөрүндөй урматтуу. Чынында бул өтө сейрек белек болду. Бул үчүн Азамат агабызга бардыгыбыз ыраазыбыз. Эмесе туугандар, биринчи кезекте урматтуу Азамат агабыздын урматына, экинчиден, ал кишинин баа жеткис белегинин урматына бошогон  чөйчөктөрдү толтуруп, тамчы калтырбай, аппак алып жиберели. Ушунубуз менен биз агабызды чын дилибиз менен урматтарыбызды, ал кишини туу тутуп, а киши менен сыймыктанарыбызды кынтыксыз далилдеп коелу.                             

Стол тейлеген шамдагай, элпек жигит жетип келип, апакай, таза сүлгүгө ороп келген армян коньягын ачып, Азамат Асылбашевичтин, жубайынын жана Алмандын стакандарына толтура куйду. Негедир олтургандар дуу эте орундарынан тура калышты. Зал бир өзгөчө нерсени күткөн сымал, демин ичине ала дымый түштү. Азамат Асылбашевич колундагы стаканды жогору көтөрө, Алманга карап: «Кана эмесе, жигит, мени чын эле урматтай турган болсоң - көрсөт ошонуңду» деген кейипте башын чулгуп койду. Анан ай-буйга келбей, колундагысын шарт көтөрдү. Залдагылар да аны колдогондой, алып жиберишти. Алман бет маңдайындагы төбөсү көк тиреп тургансып шаңданып, өзүнчө кербездене башын кейкейткен адамды карады. Бул кишини мурда бир нече жолу көргөн. Бирок, мынчалык жакын туруп, бир столдон даам татпаган. Мамиле түзө элек болучу. Мына, аракет өз берекетин берип, аны менен бет маңдай туруп, стакан кагышып жатат. Буга сыймыктанып да кетти. Негизи ичкиликке анын анча пейили чаппайт эле, мунун себебин деле түшүнө алчу эмес. Эми мындай адам менен азыр коньяк эмес, уу болсо да баш тартпай ичип жибермек. Ал колундагысын оозуна жакындатты. Стакандагы кызыл суюктук негедир көзүнө бир башкача көрүндү. Карегине жылт эткен учкун урунду. Анан ал дүрт эткен кыпкызыл жалынга айланды. Улам чоңоюп отуруп, эми эле өздөрү отурган залга толуп кеткенсиди. Дүркүрөп, кызыл жалын удургуп жатты. Бир маалда жалын эки жакка сүрүлө берди. Ортосунан бир караан үрүл-бүрүл көрүнүп, ал берилеп келатты. Мына, ал жакындап, адам кейпине айланды. Бул ким? Аа, тааныды, бул Азамат Асылбашевич экен. Ал бир аз карап турду да, булутка айлангандай бузула баштады. Бир маалда удургуп, чалды-куйду болуп барып, кулактары тикчийген итке, жок, карышкырга окшоду. Муну бир жерден көргөнү көңүлүнө тык этти. «Бөрү!» деди ниетинде. Каар толгон көздөрү менен Алманды карап турду. Ал ошол каректердин түпкүрүнөн өзүн көрүп калууга үлгүрдү. Кандайдыр бир шамалдын үлп эткен эпкини күйүп турган шамды жалп өчүргөндөй, эмелеки элес жок болду. Стакан толгон кызыл суюктук мелт-калт болуп калтырап турду. Алман алдыртадан маңдайындагы адамга көз жиберди, ал эч нерсени сезип-туйбай, бошогон стаканын столго тык эттире койду. Мындан соң берки столдогулар да аны кайталагандай болушту. Демек, эми эле болуп өткөн акылга сыйбаган көрүнүштү эч кимиси көргөн жок. Ага гана көрүндү. Деги, бул эмнеси? Эмне деген сыры, эмне деген аяны? Же акылынан айнып, жинди боло баштаганыбы? Бул ойдон улам денеси дирт деп алды. Өзүнүн суроолоруна жооп таба албай, коньякты иче баштады. Демин ичине алып ичип жатты. Негедир кичинекей стакандагы бир нече ууртам кызыл суюктук түгөнбөй атты. Стакан түтүккө айланып, а коньяк ошондон агып келип жаткансыды. Жок, ал түтүк эмес экен, бул кадимки эле кудук экен. Анда мелт-калт толгон кыпкызыл суу. Башын ошого салып алып, ичип жатыптыр. Бир маалда көөдөнүнө: «Ой, бул кадимки эле кан турбайбы» деген ой шибегедей сайыла түштү. Чочуп кетти. Дал ушу учурда кимдир бирөө эки бутунан көтөрүп туруп, кудукка түртүп жиберди. Үн чыгарып, кыйкыра албай да калды. Аптыккан боюнча кызыл суу, жок, кан толгон кудуктун түбүн көздөй калкылдап, чөгүп баратты...

(Уландысы бар)

Автор, Мусакун Сатыбалдиев

Булак: «Сырдуу дүйнө»

Последние новости