www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттар Кытайдын Ченду шаарындагы башкы консулдугун жапты. Өткөн жумада Бээжин АКШга жооп чара катары аталган дипломатиялык өкүлчүлүктү жабууну буйруган. Кытай мамлекеттик телеканалы консулдуктагы америкалык туу дүйшөмбү күнү эртең менен түшүрүлгөнүн көрсөттү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

АКШ Мамлекеттик департаменти Кытайдын түштүк-батышында жайгашкан консулдук «35 жылдан бери ал жактын тургандары, анын ичинде Тибеттин жашоочулары менен алака-катыш түзүүнүн борбору болуп келгенин» билдирип, ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун жарыялады.

21-июлда Мамлекеттик департамент Кытайдын Хьюстон шаарындагы консулдугун тыңчылыкка жана интеллектуалдык мүлктү уурдоого байланыштуу айыптап 72 сааттын ичинде жабууга буйрук берген. Кытай дипломаттары имараттан 24-июлда чыгып кетишкен.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бул кадамын айыптап, ал эл аралык нормаларга каршы келерин жана буга карата жооп чара көрөрүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости