www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы өлкөнүн тынчтыгы, ооруп жаткан адамдардын сакайып кетиши үчүн курмандык чалып, түлөө өткөрдү. Түлөө Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте өткөрүлдү. Анда COVID-19 инфекциясы күч алгандыгына жана андан каза болгон бейтаптардын арбагына багышталып Куран окутулду. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайк, түлөөгө муфтий Максатбек ажы Токтомушев, анын орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана жергиликтүү жамаат катышты.

"Муфтий өз сөзүндө ата-бабаларыбыз бөөдө кырсыктан, ар кандай балээ-апааттардан, ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөргөнүн баса белгилеп, элибиздин амандыгын, биримдигин, мамлекетибиздин тынчтыгын, ооруп жаткандардын сакайып кетишин Жараткан Алла-Тааладан тилеп дуба кылды",-деп айтылат маалыматта.

Түлөөгө союлган бодо малдын эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Муфтият мындай түлөө облустук бардык казыяттарда өткөрүлүп жатканын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости