www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус оорусуна чалдыгып, сакайган кыргыз дарыгери Марипа Алыйкулова коомчулуктун кайдыгерлигине байланыштуу кайрылуу жолдоп, улутту сактап калуу ар бир кыргыздын колунда экендигин эскертти.

"Урматтуу кыргыз элим, силер коронавирус оюнчук деп ойлоп жатасыңарбы? Чубак ажынын ыйманы саламатта, жайы жанатта болсун, ал каза болду. Ал кишини тирилтип ала албайсыңар. Андан тышкары, дарыгерлер алар кабыл алган эмес же башка деп айтып жатасыңар.

Урматтуу элим, азыр биздин мамлекетте дарыгерлердин жаны дагы чоң коркунучка кептелди. Элестеткиле, дарыгерлер ооруп, өлүп баштаса эмне болот? Эмнеге эгоистсиңер? Миңдеген адамдар жаназага барып турду дейт. Ошол миңдеген адамдын үй-бүлөсү бар. Эмне үчүн кайдыгерсиңер? Чубак ажыны Кудайым сүйүп алып кеткендир, бул-ажал. 

Эмне үчүн анын жанын койбойсуңар?! Коронавирус да, пневмония илдети да эч нерсени карабайт. Алтургай дары да жардам бербей коюшу мүмкүн. Дистанция да сактабай, бет кап кийбей жүрөсүңөр. Азыр Кыргызстанда баарыбыз тең ынтымакта, биримдикте, жакшы маанай менен ооруну жеңип алышыбыз керек. Биздин маңдайыбызда азыр кырсык, чоң алаамат турат. Коронавирус илдети деген абдан жаман нерсе экен. Ушуну эле түшүнуп алгылачы. Балдарыңардын, үй-бүлөңөрдүн жаны коркунучта турат. Баарыңар чогуу ызы-чуу болуп жүрөсүңөр. Эмнеге үй-бүлөңөргө кыянат кылып жатасыңар?

Мен жакшы болдум, бирок 14 күн ооруп, тозокто жашадым. Жүрөктүн, дененин ооруганы... Эми айтпай эле коёюнчу, силер канча какшаса деле түшүнбөйсүңөрбү?

Азыр бизди бир гана ынтымагыбыз, тартибибиз гана сактап калат. 

Ээнбаштанып, жанагындай нерселерге барып же революцияга чакыргандарга чуркап барып, чогула берсек өзүбүзгө гана зыян кылабыз. 

Дарыгерлер азыр керек болсо бир сом албай, үйлөрүнө барбай иштеп жатат. Чубак ажы каза болду, бүттү да. Ага куран гана керек", - деди Алыйкулова.

Мындан сырткары, анын айтымында, ал элдин кайдыгерлигинен улам социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасоону чечкен. Дарыгер жаназага барган миңдеген адамдардан тазалыкты, аны менен кыргыздын келечегин сактап калууну суранган.

Эске сала кетсек, Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон.

Анын жаназасы бүгүн туулуп-өскөн кичи мекени Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында окулуп, ага миңдеген адамдар катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости