www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-июлда белгилүү дин аалымы, убагында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун сөөгү кичи мекени болгон Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында жерге берилди. Жаназа намазын Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Чубак ажынын үзөңгүлөшү Абдышүкүр Нарматов окуду жана ага миңдеген адамдар катышты.

На изображении может находиться: один или несколько человек, часть тела крупным планом и на улице

На изображении может находиться: 2 человека, люди стоят, толпа и на улице

На изображении может находиться: один или несколько человек, толпа, свадьба, дерево и на улице

Маркумдун сөөгүн 20:30да коргоочу кийимчен адамдар көтөрүп келишти жана ага башка кишилерди жолотушкан жок.

На изображении может находиться: один или несколько человек, люди стоят, на улице и природа

Сөөк маркумдун жакын туугандары тарабынан апасынын жанына жерге берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Жалилов жөнүндө: «Ал 10-июлда түнкү саат 12:00дө оор формадагы эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылган. 3-даражадагы дем алуунун жетишсиздиги жана кант диабети менен жабыркаган», - деп маалымат берди.

Эске сала кетсек, 11-июлда түнкү саат 2:50дө 45 жаштагы Ч.Жалилов каза болгон.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген. 2000-2006-жылдары Сауд Аравиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости