www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Бир Бол» парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанга келе албай жаткан мигранттар тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Кыргызстанга келе албай жаткан ар бир мигрант мекенине кайтмайынча Өкмөт ишин токтотпошу зарыл. Тилекке каршы, экономикабызга ат көтөргүс салым кошуп, жыл сайын 2.5 млрд долларга жакын каражат которгон мигранттардын көзүн жалдыратып күттүрүп жатабыз. Россиядан эле которулган каражат ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Демек, жылдар бою бюджетибиздин "жыртык-тешигин" бүтөп келген чет жактагы мекендештерибиздин бир жолку суранычын четке какпашыбыз керек.

Азыр Өкмөт бул жаатта иш алып барууда. Бирок, биз билет алып, келе албай жаткан мигранттарды мекенине кайтаруу менен гана чектелбей, чечкиндүү реформа жүргүзүү менен чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын баарын кайтарсак болот. Кантип? Бюрократияны жоюп, чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө шарт түзүп.

Кризис деп кол куушуруп отуруп калбай күнү-түнү талыкпай иштөө менен кризистен пайда таап чыксак да болот. Азыр креативдүү ой жүгүртүп, чечкиндүү кадамдарга барууга даяр болуп, эрки күчтүү болгондор гана кризисти өз пайдасына пайдаланып, жеңүүчү болот. Демек, жаңыча ойлонуп, стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алуу учур талабы. Дүйнөдөгү чоң ачылыштар, улуу реформалар стандарттуу эмес, өзгөчө ой жүгүрткөн адамдар тарабынан жасалганын унутпайлы.

Тез арада антикризистик программа иштеп чыгып, өлкөнүн келечегин аныкташыбыз керек, ал үчүн эрк жана каалоо болсо жетиштүү", - деп Алтынбек Сулайманов жазып, төмөндөгү видео-тасманы жүктөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости