www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFCнин президенти Дана Уайт россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов сегиз бурчтукка сентябрь-октябрь айларында кайтат деп күтүп жатканын билдирди. Бул тууралууTSN каналынын журналисти Аарон Бронстетер Twitter баракчасында жазганын РИА Новости билдирди.

Маалыматка караганда, Уайт беттеш кайсы жерде болорун тактаган эмес. Ал эми россиялык мушкердин атаандашы 9-майдагы турнирдин башкы кармашынын жеңүүчүсү болот. Кеп америкалык мушкерлер Тони Фергюсон менен Жастин Гэтжи тууралуу болуп жатат. Эки мушкер 9-майда Жексонвиллдеги (Флорида штаты) UFC-249 турниринин алкагында утурумдук кур үчүн беттешет.

Эске сала кетсек, Нурмагомедов менен Фергюсон 18-апрелде Нью-Йоркто кыл чайнашып, россиялык спорту чемпиондук наамын коргомок. Бирок коронавируска байланыштуу шаардын бийлиги массалык иш-чараларды токтоткон. Ошондон улам промоутерлик компания беттеш өткөрүүгө башка жерди издеп баштаган. Бирок 1-апрелде россиялык спортчу карантинге байланыштуу мекенинде калгандыктан, Фергюсон менен беттеши болбой калганы аныкталан.  

Белгилей кетсек, мушкерлердин беттеши 2015-жылдан бери бешинчи ирет жылдырылып жатат. Бирде россиялык атлет, экинчисинде америкалык спортчу жаракат алса, соңку беттешке коронавирус пандемиясы себеп болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости