www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүүнүн улуттук күнү жарыяланат. Бул тууралуу 21-июлда коронавирус шартында элге жардам берип иштеп жаткан ыктыярчылар менен жолугушууда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков билдиргенин журналисттерге активист Эркин Рыскулбеков айтып берди.

"Кесиптешибиз Венера Жуматаеванын "Фейсбуктагы" баракчама "Канча деген залкар адамдарыбыз өтүп кетти. Аза күтүү күнүн жарыялоо керек" деп жазган сунушун президентке айттым. Президент жакынкы күндөрү жарыяланарын айтып, сөз берди",-деди активист.

21-июлда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ыктыярчыларды кабыл алып, алардын сунуш-пикирлерин укту. Рыскулбеков суроо-жооп форматында өткөн жолугушуу эки сааттан ашык убакыт созулганын, ага 12 ыктыярчы катышканын айтты.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталган. Ошондон бери бул илдеттен, расмий маалыматка караганда, 1079 адам көз жумду. Арасында өлкөнүн ар кыл тармактарынын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө зор салымын кошкон көптөгөн инсандар бар. Жалпысынан бул инфекция 28 251 кыргызстандыкка жукту, алардын 14 776сы айыгып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости