www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-июль түнкү саат 02:00 чамасында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын кире беришинде мас абалындагы эки адам ызы-чуу салып, бейтапканага кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине ОШ ОИИБинен маалымдашты.

Окуядан улам оорукананын кызматкерлери милицияга билдирүү менен кайрылышкан. Бирок арыз жазышкан эмес. Териштирүү учурунда ызы-чуу салгандар Кара-Суу районунун Жоош айылынын 38 жаштагы тургундары экендиги аныкталган.

Аталган ооруканада  коронавируска кабылгандар гана дарыланат.

Алардын бири өз көрсөтмөсүндө аялы катуу ооруп жаткандыктан ооруканага унаасы менен алып кирүүгө аракет кылганын айткан.  Бирок аял үчүн бул жер кооптуу экенин айтышканына карабай ызы-чуу салган.

Бейтап ооруканага жаткырылган жана анын  азыркы учурда оор абалда экени маалым болду.

Окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Бейбаштык" беренеси менен катталып, эки жаран күбө катары сурак бергенден кийин үйүнө кетүүгө уруксат берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости