www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги “Жаңы жибек жолу” ассоциациясынын төрагасы Азат Эркебаевди кепке тартып, өлкөдөгү абал жана элди торуган илдет боюнча баарлаштык.

-Азат мырза, коронавирус күндөн күнгө күч ала баштады. Өкүнүчтүүсү бул илдет бүгүн 86 өмүрдү жалмап кетти. Элди торуган илдет менен кантип күрөшөбүз, өлүмдү кантип токтотобуз?

-Ооба, тилекке каршы коронавирус илдети акыркы күндөрү күчөп, илдеттен айыга албай каза болгондордун саны көбөйгөнү жүрөктү оорутпай койбойт. Эгер буга чейин коронавирус диагнозу эле коюлуп жатса, акыркы 2-3 аптада пневмония дарты, айрыкча адаттан тышкары өпкөнү каккан күчтүү түрү жайылып, каза болгондордун көбөйүшүнө түрткү болуп, абалды андан бетер оорлотту. Короноавирус Кытайда биринчи жолу катталгандан бери, илдеттин жайылышын байкап, саресеп кылып келе жаткан жаран катары айтсам, азыркы биздеги жана Казакстанда жайдын саратанында өзгөчө күч алган  пневмония деген илдет COVID-19 коронавирус менен тикелей байланышкан же өөрчүшүп кеткен формасы. Муну Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, биздеги коронавирус менен алдыңкы фронтто “кызыл зоналарда” күрөшүп жаткан медиктерибиз да айтып жатышат. Илдетти токтотууну айтсак, менимче анын башатын аныктап таап, албетте бир эле жерде болбойт, ошого карабай локациялап, очокторун таап, мындан нары жайылтпай алдын алган маанилүү. Бирок, бул абдан кыйын, эң татаал, себеби азыр күйүп жаткан очоктордо Бишкек, Ош шаарларында, Чүйдө жайылып кетип, башаттарын басып койгонго адам ресурсу, тесттер чектелүү, негизгиси убакыт да тартыш болууда. Болоору болду боёсу канды демекчи, эми комплекстүү иш-чараларды көрүп, жайылып кеткендин кесепеттерин жоюуга, санитардык нормаларды күчөтүп, керек болсо катаалдатып, илдет жугузгандардын өмүрлөрүн сактап калууга, өлүмдүн санын кыскартууга болгон аракетти жумшаш керек.

-Илдеттин күч алышы ушул  темп менен кетсе, эртең эмне болобуз?

-Менимче бул темпти ооздуктоого, көзөмөлгө алууга  өтө кеч болуп, чектен ашып кеткен жок. Ал үчүн ушул кыйын күндөрү эң оболу мамлекеттик кызмат системасы, негизи элибиз да обочолонуп сыртта туруп калбай, баарыбыз болуп көрбөгөндөй мобилизация болушубуз абзел. Себеби, кырдаал согуштагыдай эле болуп жатат, айырмасы тилсиз, көрүнбөгөн күчтүү жоо менен күрөшүп жатабыз. Кыргызстан эгемендик алганы мындай сыноону баштан өткөзгөн эмес. Мамлекеттик кызмат системасы дегеним, көп тармактуу тиешелүү органдар: Саламаттык сактоо тармагы азыркы тенденцияга жараша, илдеттин жаңы өзгөрүп, пневмонияга айланып жаткан кырдаалга жараша дарылоо алгоритмдерин так аныкташы шарт. Ошондой эле болгон медиктерди, жардамга тартылган ыктыярчыларды, ооругандарды жайгаштыруучу керебет-орундарды, дары дармектерди, жеке коргонуучу каражаттарды, медициналык техникаларды рационалдуу бөлүштүрүшү керек. Тагыраагы, бул жагынан көрүнүп турган жетишпестиктерди, таңкыстыктарды жоюу боюнча  өкмөтүбүз, Каржы министрлиги, чет өлкөлөр менен тикелей жана тыгыз байланыша алчу Тышкы иштер Министрлиги жана элчиликтерибиз алгылыктуу, эффективдүү аракеттерин көрсөтүшү зарыл. Санитардык жана укук коргоочу органдарыбыз бул багытта да чечкиндүү чараларды көрүшүп, илдет менен күрөшүүнү күчөтүшү керек. Анан да биз өзүбүз, элибиз тиешелүү органдар берген тескемелерди аткарып, санитардык-карантиндик нормаларды, изоляциялык, социалдык аралыкты сактап, жоопкерчиликтүү болсок, кайдыгер болбосок, эртеңкибиз жаркын болушуна, эпидемиялык кырдаалды тезирээк оңдоп кеткенге шарт түзөт элек. Дагы бир маанилүү нерсе, кыйын кырдаалда, көптөгөн атуу-баштуу, кадырлуу инсандарыбыздан айрылып каңырыгыбыз түтөп турган кезде кыйсыпыр болбой, дүрбөлөңгө түшпөй, муунубуз бошошпой, башыбызды салбай, духубузду өчүрбөй, чыйралып түгөнгөндө түтөгөн кыргыз, кырылганда күчөгөн кыргыз дегенге тете болсок жакшы болот эле. Элден айланса болот, мындай кезеңде граждандык коомдун, элдин арасынан уул-кыздары чыгып оңбогондой жардамдарын берип, ата-журттун дартын татып, оорчулугун моюндарына алып жаткан учурларды санап бүтө албайсың.

-Ушундай оор кырдаалда четте карап турбай, кыргыздын уулу катары сиз да кол кабыш кылып, жардамыңызды аяган жоксуз...

-Мен үчүн Кыргызстан башынан пандемияны өткөзүп жаткан учурда бир таасирленткен жагдай – бул элибиздин уучу куру эместиги, кыйын кезеңде уул-кыздарынын мекенине болгон патриоттук сезимдерин ар кайсы жолдор менен массалык түрдө көрсөткөндүгү болду. Илдет башталгандан бери көптөгөн адамдар демөөрчүлүк кылып, акчалай өкмөткө же тикелей муктаж мекемелерге каражаттарын бөлүп, тамак-аш же дезинфекциялык-санитардык каражаттарын алып берип, кай-бирлери ыктыярчы болуп ошолорду жеткизишип берип, айтор колунан келгенин аябай чын жүрөктөн жардамын көрсөтүп жатышты. Мындай учурда, элиң-жериң кыйынчылык тартып турганын көрүп, колумдан келип, мүмкүнчүлүк болуп турганда кайдыгер карап жөн туралбадым. Оболу таажы ылаңы жашы улгайгандарга залакасы катуу тийгендиктен Бишкектеги карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйүнө беткап, коргонуучу костюмдар, дезинфекциялоочу каражаттарды бердим. Жигиттин үч журту болот дегендей, ата журтум Чоң-Алай, тага журтум Чаткал бийик тоолуу, алыскы жана чегара райондор болгонун эске алып, аталган жерлерге ылаң илдети менен күрөшүү үчүн дезинфекциялык-санитардык каражаттарды, дарыгерлерге коргонуучу каражаттарды алып, жеткизип бердим. Илдеттин башталган учурунда айрыкча дарыгерлерибизге жекече коргонуу каражаттары – медициналык бет каптар, комбинезондор аба менен суудай керек болсо да,  жетишпей жатканы кендирди кескен орчундуу маселе болду. Азыркы күнгө чейин көптөгөн чегара пункттарыбыз жабык бойдон турууда, жол, аба каттамдар токтогон жагдайда коргонуучу каражаттарды таап, алып келүү да оңой эмес болууда. Ошентсе да, Кытайдагы өнөктөштөрүмдүн көмөктөшүүсүндө мекенибизге 14 000 даана беткап-респиратор алып келип, илдеттин очогуна айланган ооруканаларга (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Сузак, Ноокат, Каракол, Чолпон-Ата) жеткиздирдим. Пандемия учурунда массалык маалымат каражаттарынын коомчулукту маалымдоо боюнча эмгегин эске алып анын өкүлдөрүнө да беткаптар таркатылды. Азыр дагы Кыргызстанга кычкылтек концентратор, пульсиксометр шаймандары менен камсыздоо, дарыгерлерге тамак-аш уюштуруу жагынан  кол-кабыш кылып жатам.

-Муну апаат деп кабыл алабызбы же өкмөттүн шалаакылыгы деп билебизби?

-Арийне бул кырдаалды апаат десек жарашат. Себеби, акыйкат үчүн айтыш керек, бул акыбал биздин өлкөдө гана эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө орун алды. Мындай оор сыноону жетишкен, күч-кубаттуу мамлекеттер: Европада, АКШ, Россия, алыс кетпей кошуналарыбыз дале башынан өткөзүп жатышат, акыр аягына чыга элек. Бирок, коронавирус илдети менен салыштырмалуу ийгиликтүү күрөшүп, көзөмөлгө алган мамлекеттер да жок эмес: Кытай, Түштүк Корея, Япония, Сингапур, Грузия. Бир беткей шалаакылык дегенге жатпаса керек, өкмөтүбүз, тиешелүү органдар илдет башталганга чейин даярдыктарды көрө баштады, колдон келген аракеттерди, иш-чараларды алып барып жатат. Бул илдет баарына бейтааныш, мурда болуп көрбөгөн, өтө жугуштуу, митайым, кубаттуу экен. Ушул себептерден ага туура позицияны, таамай, эффективдүү чараларды аныктап, туруштук берүү оңойго турбай жатат. Ачыктап айтсак, жетишпестиктер да орун алып жатканы байкалбай койбойт.

-Илдет күчөп атса, курултай кылып, шайлоого даярдык көрүп жатышкандар да бар экен. Буга не дейсиз?

-Менимче азыркы оор жагдайда, илдеттин  жайылуусу көзөмөлгө алынганга чейин, дарттын айынан өлүмдөр кескин азайбай турганда шайлоонун аркасынан түшүп, чоң кампанияларды, массалык же адам топтогон иш-чараларды өткөзүү, активдүү аракеттерди көрүү кечирилгис катачылык, мамлекеттик көз караштын, мекенчилдиктин жоктугу. Шайлоо кампаниясын жүргүзүү мерчемделген убактысы келсе да, санитардык-эпидемиялык кырдаал жөнгө салына элек болсо, ага залакасы, кесепети тийбей тургандай кылып, керек болсо дүйнөдөгү алгылыктуу практикаларды, тажрыйбаларды пайдаланып шайлоо өткөзүү жолдорун изилдеп чыгып, жети өлчөп бир бүтүмгө келиш керек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости