www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вьетнамда коронавирустун жаңы түрү аныкталды

Вьетнамдын Дананг шаарында жаңы, белгисиз коронавирустун штаммы аныкталды. Бул тууралуу Вьетнамдагы COVID-19 алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук комитет жарыялады.

Жекшемби күнү аныкталган беш учурдун төртөө Дананг шаарындагы үч ооруканага байланыштуу болгон. Бул медициналык мекемелер-Дананг ооруканасы, Дананг S ооруканасы жана Физикалык калыбына келтирүү ооруканасы. Алар учурда карантинде.

Адистер Данангдан үйүнө кайтып келгендердин бардыгына жана аталган оорукана менен байланышкан адамдарга оорунун жайылышын алдын алуу үчүн 14 күндүк карантин сунуштоодо.

Коронавирустун жаңы штаммы сыналганда, анын жугуштуу экендиги аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустун жайылышын алдын алуу жана оорунун жаңы булагын табуу үчүн Данангга тажрыйбалуу адистерди жөнөттү.

Белгилей кетсек, акыркы 3 айда Вьетнамда коронавирус инфекциясы катталган жок. Өлкө Кытай менен кошуна болсо дагы, эпидемия учурунда 431 кишиге коронавирус диагнозу коюлган. Алардын ичинен 365 айыгып, эч бир бейтап өлгөн эмес.

Сунатилла Абдулаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости